# Юрьевка айылдык кенешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 44/15-27 "Юрьевка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 4- кварталына карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Юрьевка айылдык кенешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 44/15-27 "Юрьевка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 4- кварталына карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: № 44/15-27
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64246/edition/1026664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юрьевка айылдык кенешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 44/15-27 "Юрьевка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 4- кварталына карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (13.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440044

---

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 13-сентябры № 44/15-27

Юрьевка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 4- кварталына карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Р. Шабатоев атындагы орто мектебинин от-казандарын (2 д.) оңдоо иштеринин смета эсебин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.05.2018 “2018-2019 - жылда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатта, жана ошондой эле кышкы мезгилде от-казандардын бузулууга жеткирбөө жана окуу процессин үзгүлтүккө учурбоо максатта Юрьевка айылдык кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Шамбетовага :

- Юрьевка айыл өкмөтүнүн смета эсебинин ЖКХ бөлүмүнөн (жолдорду оңдоо) билим берүү бөлүмүнө от-казандарды оңдоого 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражат которулсун.

2. Бул чечимдин аткаруусун көзөмөлдөө бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

А. Омуралиев
