# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 90/ XIII-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 90/ XIII-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: № 90/ XIII-27
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64232/edition/1026636/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 90/ XIII-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440030

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2019-жылдын 10-июну № 90/ XIII-27

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги “Мамлекеттик социалдык заказ” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык жана 12 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн иш чараларды уюштуруу жана аткаруу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтунүн 2019-2020 жылдарга мамлекеттик социалдык заказ Программасы бекитилсин.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүндө мамлекеттик социалдык заказынын ишке ашыруу планы иштелип чыксын.

3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70823 “Маданият” бөлүмүнөн суммасы 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты мамлекеттик социалдык заказ Программасын ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилсин.

4. Мамлекеттик социалдык заказ Программасын ишке ашыруу Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.А. Малабаев
