# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 66/XI-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 66/XI-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: № 66/XI-27
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64209/edition/1026590/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 66/XI-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (10.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440006

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2018-жылдын 10-декабры № 66/XI-27

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө” Жобонун 6-пунктунун «б» пунктчасынын 2-абзацына ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор, укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ж.А. Малабаев
