# 9-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды комплектөө

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 9-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-9

---

1. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды комплектөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарга, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарга куткаруучулук кызматка, куткаруучуларды даярдоо боюнча билим берүүчү мекемелерге орто (толук) билимдүү, медициналык текшерүүдө куткаруучу болуп иштөөгө жарактуу деп табылган жана алардын профессионалдык жана дене жактан даярдыгынын деңгээлдерине, ошондой эле алардын моралдык-психологиялык сапаттарына коюлчу талаптарга ылайык келген жарандар кабыл алынышат.

3. Профессионал кошуундарда куткаруучунун милдетин түздөн-түз аткарууга 18 жашка толгон, орто (толук) билимге ээ, куткаруучуларды даярдоонун программасы боюнча даярдыктан өткөн жана кыйроодон куткаруу иштерди жүргүзүүгө атайын аттестациядан өткөн жарандарга уруксат берилет.

4. Жарандарды кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарга, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарга куткаруучулук кызматка кабыл алууда алар менен эмгектик келишим (контракт) түзүлүп, анда: куткаруучулук кызматтын өзгөчөлүктөрү жана иш режими; эмгек акы төлөөнүн тартиби жана шарттары, куткаруучуларга берилчү жеңилдиктер жана социалдык гарантиялар; куткаруучулардын кезекте турган учурунда же өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштардын учурунда өздөрүнө тапшырылган милдеттерди жана аталган кыйроодон куткаруучу кызматтардын жана кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилеринин буйруктарын кыйшаюусуз аткаруу жөнүндө милдеттенмелери жазылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-10)
