9-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды комплектөө
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
9-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 9-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды комплектөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарга, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарга куткаруучулук кызматка, куткаруучуларды даярдоо боюнча билим берүүчү мекемелерге орто (толук) билимдүү, медициналык текшерүүдө куткаруучу болуп иштөөгө жарактуу деп табылган жана алардын профессионалдык жана дене жактан даярдыгынын деңгээлдерине, ошондой эле алардын моралдык-психологиялык сапаттарына коюлчу талаптарга ылайык келген жарандар кабыл алынышат.
3. Профессионал кошуундарда куткаруучунун милдетин түздөн-түз аткарууга 18 жашка толгон, орто (толук) билимге ээ, куткаруучуларды даярдоонун программасы боюнча даярдыктан өткөн жана кыйроодон куткаруу иштерди жүргүзүүгө атайын аттестациядан өткөн жарандарга уруксат берилет.
4. Жарандарды кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарга, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарга куткаруучулук кызматка кабыл алууда алар менен эмгектик келишим (контракт) түзүлүп, анда: куткаруучулук кызматтын өзгөчөлүктөрү жана иш режими; эмгек акы төлөөнүн тартиби жана шарттары, куткаруучуларга берилчү жеңилдиктер жана социалдык гарантиялар; куткаруучулардын кезекте турган учурунда же өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштардын учурунда өздөрүнө тапшырылган милдеттерди жана аталган кыйроодон куткаруучу кызматтардын жана кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилеринин буйруктарын кыйшаюусуз аткаруу жөнүндө милдеттенмелери жазылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-9" title="9-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>