# 8-статья. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын курамы

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547); 26.06.2020 [Закон КР от 26 июня 2020 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112083)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237507..1237508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 8-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-8

---

Кыйроодон куткаруу кызматтарынын, кыйроодон куткаруу кошуундарынын курамын жана түзүмүн аларды түзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар аларга Жарандык коргонуу боюнча жүктөлгөн милдеттерге жараша аныкташат. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын курамына аталган кызматтардын башкаруу органдары, кыйроодон куткаруу кошуундары жана кыйроодон куткаруу кызматтарынын милдеттеринин аткарылышын камсыздоочу башка уюмдар киришет. Андан тышкары, кыйроодон куткаруу кызматтарынын курамына куткаруучуларды даярдоо боюнча илимий-изилдөөчү жана консультативдик билим берүүчү мекемелер, издөөчү иттерди даярдоочу жана кыйроодон куткаруучу каражаттарды чыгаруучу мекемелер кириши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-9)
