# 33-статья. Куткаруучуларга укуктук жана социалдык кошумча кепилдиктер

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 33-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-33

---

1. Иштин зыяндуу жана коркунучтуу шарттарын тейлөөчү кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктук жана социалдык коргоонун кепилдиктери менен жеңилдиктер жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана администрацияларынын, уюмдардын чечими менен кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын, кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундардын мүчөлөрүнө, алардын курамына кирбеген куткаруучуларга укуктук жана социалдык жактан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген кошумча кепилдиктер белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-34)
