# 32-статья. Куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237507..1237508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 32-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-32

---

1. Эмгек келишими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууда өлүмгө дуушар болгон кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин мезгилинде же ага катышуу учурунда өлгөн башка куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрү социалдык коргоого алынуу укугуна ээ. Социалдык коргоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

2. Куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрү багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-33)
