# 28-статья. Куткаруучулардын ишинин (кызматынын) жана эс алуусунун режими

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547); 04.07.2015 [Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111190)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237507..1237508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 28-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-28

---

1. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ишинин (кызматынын) режими ар күнкү иште ички эмгек тартибинин эрежелери, кезекке туруунун графиги, атайын даярдык боюнча занятиелердин жана башка иш-чаралардын расписаниеси менен аныкталат.

2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын иш күнүнүн жана иш жылынын ичиндеги иштөө режими колдонулуудагы медициналык талаптар жана санитардык-гигиеналык ченемдер менен аныкталат.

3. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын күтүү режиминде үйдөгү кезекке туруу убагы кезекке туруунун ар бир саатынын төрттөн бир өлчөмүндө эске алынат.

4. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди аткарууда куткаруучулардын иш режими жана жумуш күнүнүн узактыгы өзгөрүшү мүмкүн жана ал өзгөчө кырдаалдын мүнөзүн, аларды жоюудагы иштин өзгөчөлүгүн жана медициналык сунуштарды эске алуу менен өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчи тарабынан белгиленет.

5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларына жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кезектеги эмгек өргүүсү берилет.

6. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучуларына жыл ичинде төлөнүүчү кошумча өргүү берилет.

Төлөнүүчү кошумча өргүү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана ыктыярдуу кошуундардын куткаруучуларына, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамына кирбеген куткаруучуларга кошумча өргүүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартип боюнча акчалай компенсация берилиши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-29)
