# 27-статья. Куткаруучулардын милдеттери

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111190)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237505..1237506>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 27-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-27

---

1. Куткаруучулар:

- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышууга даяр болууга, өзүнүн дене-тарбия, адистик, медициналык, психологиялык даярдыгын жогорулатууга;

- кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамында иштөө ыкмаларын өркүндөтүүгө;

- кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүнүн технологиясын кыйшаюусуз сактоого;

- жабырлангандарды активдүү издөө, аларды куткаруу боюнча чара көрүү, аларга алгачкы медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;

- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда өздөрү иштеп жаткан кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарууга;

- өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында жарандарга коопсуз жүрүш-туруштун эрежелерин жана андай кырдаалдар пайда болгон учурлардагы иш-аракеттердин эрежесин түшүндүрүүгө милдеттүү.

2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын милдеттери тиешелүү уставдар, колдонмолор менен аныкталат жана эмгектик келишимдин (контракттын) курамдык бөлүгү болуп саналат.

(КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-28)
