# 26-статья. Куткаруучулардын ишмердигинин гарантиялары

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 26-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-26

---

1. Мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге тартылган куткаруучулар ал жумуштар жүргүзүлчү жерге баратышканда жана ал жумуштарды жүргүзүп жатышканда аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда куткаруучулар өздөрү иштеп жаткан кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилерине гана баш ийишет.

3. Куткаруучуларды эмгектик келишим (контракт) менен аныкталгандан башка милдеттерди аткарууга мажбурлоого эч кимдин акысы жок.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-27)
