25-статья. Куткаруучулардын укугу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге тартылган куткаруучулар ал жумуштар аткарылчу жерге баратканда транспорттун бардык түрүнө белеттерди кезексиз алуу укугуна ээ.
2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин учурунда куткаруучулар төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон так жана толук маалыматты билүү;
- өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн мекемелердин аймагына жана өндүрүштүк объектилерине, турак жай имараттарына тоскоолдуксуз кирүү;
- өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерде жүргөн бардык адамдардан коопсуздуктун белгиленген чараларын сактоону талап кылуу;
- кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүнүн технологиясына ылайык жасалган экипировка жана шаймандар менен жабдылуу;
- адамдарды куткаруу үчүн, жана өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерлердеги мекемелердин байланыш каражаттарын, транспортун, мүлкүн жана башка материалдык каражаттарын пайдалануу;
3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучулар медициналык мекемелердин жана реабилитациялык борборлордун базасында медициналык жана психологиялык реабилитацияланууга укуктуу.
4. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучулары өздөрүнүн теориялык билимдерин жана адистик чеберчилигин аныкталган тартипте жумуш убагында жогорулатууга укуктуу.
5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучулары кезекте турган учурунда кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен тамак-аш менен камсыздалууга укуктуу.
6. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын эмгектик келишим боюнча тапшырылган милдеттерин аткаруу учурунда жабырланган куткаруучулары, ошондой эле өзгөчө кырдаалды жоюуда жабырланган башка куткаруучулар акысыз медициналык тейленүүгө жана негизги иштеген жериндеги орточо маянасынын өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.
7. Куткаруучулар Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте жеңилдетилген шартта пенсия менен камсыздалууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…транспортун, мүлкүн жана башка материалдык каражаттарын алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте пайдалануу;
3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан … маянасынын өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.
7. Куткаруучулар кошулду: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарында кошулду: Мыйзамында аныкталган тартипте жеңилдетилген шартта пенсия менен камсыздалууга укуктуу.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № алынып салынды: 147 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-25" title="25-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>