# 23-статья. Куткаруучулар

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2020 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112083)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237506..1237507>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 23-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-23

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары куткаруучулук статуска тийиштүү аттестациялык органдар аларды медициналык текшерүүнүн, дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди аткаруусунун, куткаруучуларды даярдоо программалары боюнча окутулушунун жана кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча берчү чечиминин негизинде ээ болушат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына куткаруучунун статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алууда аттестация органдары аларга аныкталган тартиптеги күбөлүк, куткаруучунун китепчесин, фамилиясы, аты-жөнү, канынын группасы жана куткаруучунун каттоо номери жазылган жетон беришет.

Куткаруучунун китепчеси куткаруучунун өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышуусун эсепке алууга арналат. Куткаруучунун китепчеси жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. (КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-24)
