# 15-статья. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарды жоюуга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547); 04.07.2015 [Закон КР от 4 июля 2015 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111190)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237507..1237508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 15-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-15

---

1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды ташууга, жайгаштырууга, материалдык-техникалык, каржылык, медициналык жана башка камсыз кылууга, ошондой эле куткаруучулардын, кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө кеткен чыгымдар келишимдерге ылайык төлөнөт. Мамлекеттик органдарда түзүлгөн кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын көрсөтүлгөн чыгымдарынын ордун толтуруу белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

2. Уюмдардан келишим боюнча келип түшүп, пайдаланылбай калган каражаттар кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын тескемесинде калат.

Пайдаланылбай калган бюджеттик каражаттар бюджеттик мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-16)
