# 11-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын иши

- Документ: [Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/440)
- Толук аталышы: КР 2000-жылдын 21-январындагы № 35 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112547); 26.06.2020 [Закон КР от 26 июня 2020 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112083)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/440#diff=1237507..1237508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-421/edition/1237504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/440/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө, 11-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-11

---

1. Кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар өз иштеринде ушул Мыйзамды жана Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.

2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ишинин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларды жетектөө кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын бардык кызматкерлери аталган кызматтардын жана кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарышын талап кылат. Бул талап кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарга алар өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкан учурларда колдонулат.

3. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарда, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарда жумушту токтотуп коюуну коллективдүү эмгектик талаш-тартышты чечүүнүн жолу катары колдонууга болбойт.

4. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтар, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундар өздөрүнүн объекттерди жана аймактарды тейлөө боюнча иштерин келишимдик негизде жүргүзүшсө болот.

5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгы аттестациянын жүрүшүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, мамлекеттик көзөмөл органдары, аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерилет.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-101)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/440/st-12)
