11-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын иши
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
1. Кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар өз иштеринде ушул Мыйзамды жана Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ишинин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларды жетектөө кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын бардык кызматкерлери аталган кызматтардын жана кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарышын талап кылат. Бул талап кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарга алар өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкан учурларда колдонулат.
3. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарда, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарда жумушту токтотуп коюуну коллективдүү эмгектик талаш-тартышты чечүүнүн жолу катары колдонууга болбойт.
4. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтар, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундар өздөрүнүн объекттерди жана аймактарды тейлөө боюнча иштерин келишимдик негизде жүргүзүшсө болот.
5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгы аттестациянын жүрүшүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, мамлекеттик көзөмөл органдары, аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерилет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2020 года № 65 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар өз иштеринде кошулду: ушул Мыйзамды жана Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарын, тиешелүү жоболорду, уставдарды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук алынып салынды: актыларды кошулду: актыларын жетекчиликке алышат.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал … чегинде жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерилет.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № алынып салынды: 65 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-11" title="11-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>