# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-октябрындагы № 446 " Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ордун жоюу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-октябрындагы № 446 " Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ордун жоюу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 446
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2022/edition/288285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-октябрындагы № 446 " Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ордун жоюу жөнүндө" Жарлыгы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4398

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 10-октябры ПЖ № 446

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин

ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат

ордун жоюу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Баткен, Жалалабат, Ош областтарында жана Ош шаарында коомдук-сая-

сий жана социалдык-экономикалык абалдын турукташкандыгына, кадрдык по-

тенциалдын чындалышына, ошондой эле түштүк регионунун борбордук жана

жергиликтүү башкаруу органдары менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарынын өзара аракети жакшыргандыгына байланыштуу. Кыргыз Республи-

касынын Конституциясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу ме-

нен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республика-

сынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат орду жоюлсун.

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ N 385 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

2005-жылдын 21-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин

Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү

жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

2005-жылдын 24-майындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин

кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Жарлыгындагы:

1-пункттун үчүнчү абзацы;

1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы" деген

сөздөр;

1-пункттун алтынчы-тогузунчу, он биринчи абзацтары;

1-пункттун онунчу абзацынын экинчи-алтынчы саптары;

2-пункттун үчүнчү абзацы;

2-пункттун бешинчи-он бешинчи абзацтары;

3-пункт.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ушул Жар-

лыктан келип чыккан маселелерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын

Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым

укуктуу өкүлүнүн кызмат ордунун жоюлгандыгына байланыштуу бошогон кыз-

маткерлерди ишке орноштуруу боюнча маселени белгиленген тартипте чеч-

син.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чеч-

син;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
