# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №229 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №229 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/43907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-7994/edition/1154352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/43907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №229 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/43907

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-июну, №229

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы

№ 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын

жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна

толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-

жылдын 14-апрелиндеги № 103 «Кыргыз Республикасынын финансылык

системасынын башкаруу органдарын кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына

ылайык жана Кыргыз Республикасынын бажы системасын модернизациялоо

жана инфраструктурасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58

«Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу

боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор

жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: «3.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы

отчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын

Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине Иш-чаралар

планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.»;

- 3-пункт 4-пункт деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда

баяндалсын:

«4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.»;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын

планында:

1-9 жана 15-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;

10-14-пункттарда «аткаруу мөөнөтү» деген графасындагы «2002» жана

2002-2003» деген сандар «2005-2010» деген сандарга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм балансы боюнча

республикалык ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул токтомдун

тиркемесине ылайык редакцияда баяндапсын.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын « 14 » июнундагы

№229 токтомуна

тиркеме

Төлөм балансы боюнча республикалык

ведомстволор аралык жумушчу топтун

курамы

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода

министринин биринчи орун басары, топтун жетекчиси,

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү,

топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча),

топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика,

өнөр жай жана соода башкармалыгынын өнөр жай, соода жана ишкердик

бөлүмүнүн башчысы,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы

бөлүмүнүн референти,

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин структуралык

реформалардын мониторинги жана макроэкономикалык талдоо

башкармалыгынын начальниги,

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм балансы бөлүмүнүн

начальниги (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздын

жана активдердин статистикасы бөлүмүнүн башчысы,

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода

министрлигинин соодалык балансты талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн

башчысы,

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тышкы

экономикалык иштин статистикасы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин улуттук

эсептер системасы башкармалыгынын начальнигинин орун басары -

ишканалардын жана финансылардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы

(макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялык

кызмат департаментинин тышкы эмгектик миграция бөлүмүнүн башчысы,

Кыргыз РеспубликасынЫн Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода

министрлигине караштуу Тике инвестицияларды тартуу борборунун

директорунун орун басары,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын Бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальнигинин орун

басары,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын статистика бөлүмүнүн начальниги,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын бажылык контролду уюштуруу башкармалыгынын

начальнигинин орун басары,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын башкармалыгынын автоматташтыруу жана башкаруунун

автоматташтырылган системасын киргизүү бөлүмүнүн программалык

камсыздоону киргизүү жана коштоо секторунун башчысы.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси - министрдин

милдетин аткаруучу А.Исабеков
