Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-06-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-июну, №229
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы
№ 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын
жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-
жылдын 14-апрелиндеги № 103 «Кыргыз Республикасынын финансылык
системасынын башкаруу органдарын кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына
ылайык жана Кыргыз Республикасынын бажы системасын модернизациялоо
жана инфраструктурасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58
«Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу
боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор
жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: «3.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы
отчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын
Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине Иш-чаралар
планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.»;
- 3-пункт 4-пункт деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
«4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын
планында:
1-9 жана 15-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
10-14-пункттарда «аткаруу мөөнөтү» деген графасындагы «2002» жана
2002-2003» деген сандар «2005-2010» деген сандарга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм балансы боюнча
республикалык ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул токтомдун
тиркемесине ылайык редакцияда баяндапсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын « 14 » июнундагы
№229 токтомуна
тиркеме
Төлөм балансы боюнча республикалык
ведомстволор аралык жумушчу топтун
курамы
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министринин биринчи орун басары, топтун жетекчиси,
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү,
топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча),
топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика,
өнөр жай жана соода башкармалыгынын өнөр жай, соода жана ишкердик
бөлүмүнүн башчысы,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы
бөлүмүнүн референти,
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин структуралык
реформалардын мониторинги жана макроэкономикалык талдоо
башкармалыгынын начальниги,
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм балансы бөлүмүнүн
начальниги (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздын
жана активдердин статистикасы бөлүмүнүн башчысы,
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министрлигинин соодалык балансты талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн
башчысы,
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тышкы
экономикалык иштин статистикасы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин улуттук
эсептер системасы башкармалыгынын начальнигинин орун басары -
ишканалардын жана финансылардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы
(макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялык
кызмат департаментинин тышкы эмгектик миграция бөлүмүнүн башчысы,
Кыргыз РеспубликасынЫн Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министрлигине караштуу Тике инвестицияларды тартуу борборунун
директорунун орун басары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын Бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальнигинин орун
басары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын статистика бөлүмүнүн начальниги,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын бажылык контролду уюштуруу башкармалыгынын
начальнигинин орун басары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын башкармалыгынын автоматташтыруу жана башкаруунун
автоматташтырылган системасын киргизүү бөлүмүнүн программалык
камсыздоону киргизүү жана коштоо секторунун башчысы.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министрдин
милдетин аткаруучу А.Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 8 февраля 2002 года № 58 " О плане мероприятий по улучшению статистики платежного баланса Кыргызской Республики"Постановление · 08.02.2002 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 8 февраля 2002 года № 58 " О плане мероприятий по улучшению статистики платежного баланса Кыргызской Республики"Постановление · 08.02.2002 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Презитентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра…Указ · 14.04.2005 · № 103 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №222 "Кадрлык маселелер боюнча нормативдик документтерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-июнундагы № 286…Постановление · 14.06.2005 · № 222 · Күчүн жоготкон