# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылынын 19-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылынын 19-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2013/edition/288266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылынын 19-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгы (04.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4387

---

КР Президентинин

2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 19-январы, ПЖ № 21

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү

компаниясы жөнүндө

Коомдун таламдарына жооп берген жана өлкөнүн калкынын бардык

катмарларын камтыган объективдүү маалыматка жарандардын муктаждыктарын

андан ары канааттандыруу, мамлекеттик телерадиоберүүнүн ишин

өркүндөтүү жана түзүмдөрүнүн санын ылайыкташтыруу максатында, ошондой

эле аны өнүктурүү боюнча соњку чараларды эске алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына

өзгөртүп түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын

курамына түзүмдүк жактан Республикалык радиотелеборбор, Мамлекеттик

республикалык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, «Кыргызтелефильм»

чыгармачыл өндүрүштүк фирмасы, областтык телерадиокомпаниялар жана

башка бөлүмдөр кирет;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын,

анын ичинде областтык телерадиокомпаниялардын ишин каржылоо

белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен

жүзөгө ашырылат;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына

башкы директор жетекчилик кылат, анын эки орунбасары болот. Башкы

директорду жана анын орунбасарларын Кыргыз Республикасынын Президенти

дайындайт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы

жөнүндө Жобону, компаниянын түзүмү, штаттык саны жана кызматкерлерине

эмгек акы төлөө шарттары боюнча сунуштарды бир жумалык мөөнөттө иштеп

чыксын жана бекитүүгө киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, каржылоо жана башка

маселелерди бир айлык мөөнөттө чечсин;

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ушул

Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин;

- башка атамекендик телерадиокомпанияларга усулдук жардам көрсөтүү

үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында

коомдук кењешти киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени

иликтесин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасыныи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
