Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 сентября 2008 года УП № 317 "О некоторых мерах по реформированию Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-09-04.
КР Президентинин
2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 19-январы, ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү
компаниясы жөнүндө
Коомдун таламдарына жооп берген жана өлкөнүн калкынын бардык
катмарларын камтыган объективдүү маалыматка жарандардын муктаждыктарын
андан ары канааттандыруу, мамлекеттик телерадиоберүүнүн ишин
өркүндөтүү жана түзүмдөрүнүн санын ылайыкташтыруу максатында, ошондой
эле аны өнүктурүү боюнча соњку чараларды эске алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына
өзгөртүп түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын
курамына түзүмдүк жактан Республикалык радиотелеборбор, Мамлекеттик
республикалык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, «Кыргызтелефильм»
чыгармачыл өндүрүштүк фирмасы, областтык телерадиокомпаниялар жана
башка бөлүмдөр кирет;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын,
анын ичинде областтык телерадиокомпаниялардын ишин каржылоо
белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен
жүзөгө ашырылат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына
башкы директор жетекчилик кылат, анын эки орунбасары болот. Башкы
директорду жана анын орунбасарларын Кыргыз Республикасынын Президенти
дайындайт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы
жөнүндө Жобону, компаниянын түзүмү, штаттык саны жана кызматкерлерине
эмгек акы төлөө шарттары боюнча сунуштарды бир жумалык мөөнөттө иштеп
чыксын жана бекитүүгө киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, каржылоо жана башка
маселелерди бир айлык мөөнөттө чечсин;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ушул
Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин;
- башка атамекендик телерадиокомпанияларга усулдук жардам көрсөтүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында
коомдук кењешти киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени
иликтесин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасыныи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 4-сентябры № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндөУказ · 04.09.2008 · № 317 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 4-сентябры № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндөУказ · 04.09.2008 · № 317 · Күчүн жоготкон