# КР Президентинин 2006-жылдын 19-январындагы ПЖ №19 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттиги кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 19-январындагы ПЖ №19 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттиги кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2012/edition/389223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 19-январындагы ПЖ №19 "Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттиги кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4386

---

КР Президентинин

2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 19-январы ПЖ № 19

Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар,

технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигин

кайра уюштуруу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына, "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Маалыматташтыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана байланыш, маа-

лыматтык ресурстар жана технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу

системасын андан ары өркүндөтүү, натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну

камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-

на байланыш Улуттук агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Улут-

тук байланыш агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги

түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр жүктөлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине байланыш

тармагында мамлекеттик жөнгө салуу функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигине мамлекеттик маалыматтык ре-

сурстарды түзүү жана камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги персонификаци-

ялык, идентификациялык жана башка документтерди даярдоо жана берүү,

Кыргыз Республикасынын персонификациялык документтеринин Мамлекеттик

реестрин түзүү жана тейлөө боюнча негизги функциялар.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш

агенттигинин жобосун, башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын

түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин;

- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа-

лыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агеттигинин жобосун,

башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык са-

нын иштеп чыксын жана бекитсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агентти-

ги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат

орундарынын Реестрине жана жогоруда аталган органдардын кызматчыларынын

эмгек акы шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту киргизсин.

- үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансы-

лык жана башка маселелерди чечсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыккан

өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-

гы № 462 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын

түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 4 пунктунун "а" пунктчасына

төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац кошулсун.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттиги.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
