Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №19 «Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттиги кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 января 2012 года № 16" О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-25.
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 19-январы ПЖ № 19
Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар,
технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигин
кайра уюштуруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына, "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Маалыматташтыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана байланыш, маа-
лыматтык ресурстар жана технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу
системасын андан ары өркүндөтүү, натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну
камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-
на байланыш Улуттук агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Улут-
тук байланыш агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги
түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине байланыш
тармагында мамлекеттик жөнгө салуу функциялары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттигине мамлекеттик маалыматтык ре-
сурстарды түзүү жана камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги персонификаци-
ялык, идентификациялык жана башка документтерди даярдоо жана берүү,
Кыргыз Республикасынын персонификациялык документтеринин Мамлекеттик
реестрин түзүү жана тейлөө боюнча негизги функциялар.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш
агенттигинин жобосун, башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын
түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа-
лыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агеттигинин жобосун,
башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык са-
нын иштеп чыксын жана бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агентти-
ги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат
орундарынын Реестрине жана жогоруда аталган органдардын кызматчыларынын
эмгек акы шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту киргизсин.
- үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансы-
лык жана башка маселелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыккан
өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-
гы № 462 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын
түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 4 пунктунун "а" пунктчасына
төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац кошулсун.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (8)
- Распоряжение Премьер-министра КР от 14 апреля 2006 года № 225Распоряжение · 14.04.2006 · № 225
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- Указ Президента КР от 27 октября 2007 года УП № 481 "О внесении изменений и признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"Указ · 27.10.2007 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2006 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги жөнүндө" жарлыгыУказ · 03.04.2006 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2006 · № 665 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президента КР от 25 января 2012 года № 16 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.01.2012 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №364 " О мерах по дальнейшему совершенствованию управленческих структур государственных органов Кыргызской Республики"Указ · 28.12.2000 · № 364 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон