# Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 4/7 "Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификация жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 4/7 "Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификация жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/7
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/43850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5290/edition/794971/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 4/7 "Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификация жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө" (03.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/43850

---

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги VI -сессиясы

2017-жылдын 3-марты № 4/7 Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификация жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы “Жаныбарларды инедтификациялоо жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 токтомуна ылайык Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүү акысын бекитүү боюнча вет.адис М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүү акылары 1 (бир) баш бодо малга басыла турган бирканын баасы 40 (кырк) сом, кызмат көрсөтүү акысы 30 (отуз) сом баардыгы 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө акы алынсын.

2. Айылдарда ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча элге туура түшүӊдүрүү иштерин жүргүзүү менен ишти уюштуруп берүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.

Төрага

Р.Базаркулов
