Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-19.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 19-декабрындагы ПЖ № 635 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 2-сентябры ПЖ № 343
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу
жана ишин андан ары ылайыкташтыруу максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354
Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкар-
масы жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын структу-
расы жана кызматкерлеринин саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 89 Указы менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын структурасы жана кызмат-
керлеринин саны № 2 тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкүдөй жарлыктары
күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 89 Ука-
зына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" 2003-жылдын
7-февралындагы № 49;
- "Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин Иш башкармасынын структу-
расы жана кызматкерлеринин саны жөнүндө" 2003-жылдын 5-мартындагы Жар-
лыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" 2003-жылдын 26-ноябрындагы №
382;
- "Кыргыз Республикасынын Президешинин Иш башкармасынын структура-
сы жана кызматкерлеринин саны жөнүндө" 2003-жылдын 5-мартындагы Жарлы-
гына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" 2004-жылдын 20-сентябрындагы №
303:
- "Кыргыз Реснубликасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө"
2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү туу-
ралу" 2004-жылдын 21-сснтябрындагы № 306.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 2-сентябрындагы № 343
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары
- Иш башкарма) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөнтүз баш ийген
жана отчет берүүчү мамлекеттик орган болуп саналат, белгиленген тартип-
те тиешелүү бюджеттен финансылануучу Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-ми-
нистрлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Респуб-
ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын
ишин финансылык, материалдык-техникалык жана социалдык-турмуш-тиричилик
жактан камсыз кылат. Иш башкарманын оперативдүү башкаруусуна берилген
мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдаланууну жүзөгө ашырат,
өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин өндүрүштүк
чарбалык жана финансылык ишин координациялайт, ошондой эле өзүнүн кара-
магында болгон маалымат ресурстары менен системаларын түзүүнү жана
тейлөөнү камсыз кылат.
2. Иш башкарма өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жа-
на мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана ушул Жо-
бону жетекчиликке алат.
3. Иш башкарма юридикалык жак болуп саналат, өзалдынча балансы,
банктарда жана башка кредиттик мекемелерде эсеби (анын ичинде эсептешүү
жана валюталык) жана өзүнө бекитилген мүлкү болот. Иш башкарманын
өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү
бар мөөрү болот.
II. Иш башкарманын негизги милдеттери
жана функциялары
4. Иш башкарманын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлөсүн Кыргыз
Республикасынын Конституциясына ылайык бул максаттарга бөлүнгөн ассиг-
нованиелердин көлөмүндө материалдык-техникалык, финансылык, социал-
дык-турмуш-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук
комиссиясынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз
кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана ре-
ферендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кызматкерлерин социал-
дык турмуш-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын
жана мүчөлөрүн социалдык турмуш-тиричилик жана медициналык жактан
тейлөө;
- тейленүүчү мамлекеттик органдар ойдогудай иштеши үчүн кызматтык
жайларда жана администрациялык имараттарда ойдогудай шарттарды түзүү
жана аларды белгиленген лимиттин чектеринде автотранспорт менен камсыз
кылуу;
- Иш башкарманын карамагында болгон Мамлекеттик компьютердик тар-
макты жана башка мамлекеттик маалымат ресурстары менен системаларын
программалык камсыз кылууну координациялоо жана методикалык жетекчилик
кылуу, техникалык жана технологиялык тейлөө, иштеп чыгуу;
- маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жагынан экс-
пертизаларды жана консультацияларды жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу ор-
гандары үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик мүлктүн (анын ичинде администрациялык имараттардын
жана жайлардын) эсебин жүргүзүү жана аны мамлекеттик башкаруу органдары
сарамжалдуу пайдаланышына контролдук кылуу;
- өзүнө караштуу дарылоо мекемелерин, санаторийлерди, эс алуу
үйлөрүн, пансионаттарды, мектепке чейинки балдар мекемелерин натыйжалуу
пайдаланууну уюштуруу, аларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад-
министрациясынын, Премьер-министринин Аппаратынын, Иш башкармасынын жа-
на башка мамлекеттик органдарынын ушул жобонун 1-пунктунда саналган
кызматкерлеринин денсоолукту чыњдоосунун жана эс алуусун камсыз кылуучу
шарттарды түзүү;
- өндүрүштүк имараттарды, турак үйлөрдү жана социалдык турмуш-ти-
ричилик багыттагы объекттерди куруу, ошондой эле өзүнө караштуу ишкана-
ларда зарыл продукцияны өндүрүүнү уюштуруу;
- өзүнө караштуу ишканаларда жана мекемелерде келишимдик-укуктук
ишти уюштуруу жана контролдоо;
- Иш башкарманын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик
укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык
ишти жүзөгө ашыруу;
- Иш башкарманын жана ага караштуу ишканалар менен мекемелердин
өндүрүштүк-пайдалануу иши үчүн материалдарды, жабдууну берүү боюнча ке-
лишимдик жана контрактык ишти тариздөө жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри жүргүзүүчү кењешмелерди, конференцияларды, визиттерди жана
башка атайын иш-чараларды финансылоо, материалдык-техникалык жактан
камсыз кылууну жана тейлөөнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-
синин буйругу боюнча расмий иш-чараларды жана четмамлекеттердин делега-
цияларын тейлөөнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик протоколун фи-
нансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-комму-
никациялык технологиялар боюнча кењештин учурдагы ишин камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин милдеттерин чечүү үчүн
тармактык мамлекеттик инфраструктуранын (электрондук өкмөт) технология-
ларын иштеп чыгуу, өздөштүрүү жана коштоо.
5. Иш башкарма төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- тейленүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын иши үчүн ойдогудай
шарттарды түзүү максатында өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана
мекемелердин ишин камсыз кылат;
- экономикалык иштен акча каражаттары толук жана өз учурунда келип
түшүшүнө, финансылык ресурстар максаттуу, сарамжалдуу жана укукка ыла-
йык пайдаланылышына ойдогудай контролдукту камсыз кылат;
- өзүнө караштуу ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде эмгекти
коргоонун жана коопсуздук техникасынын абалына контролдук кылат;
- тейленүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын жана өзүнө караштуу
мекемелердин чыгымдарынын сметасын болжолдоону, түзүүнү жана аткарууну,
Иш башкармага караштуу мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын финан-
сы-чарбалык ишин талдоону жүзөгө ашырат;
- өзүнө караштуу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге бекитилген
мүлктүн, ошондой эле белгиленген тартипте юридикалык же жеке жактарга
берилген мүлктүн сакталышына жана ал багыты боюнча пайдаланылышына
контролдук кылат;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерин, аппараттын кызмат-
керлерин автотранспорт менен камсыз кылууну белгиленген тартипте жүзөгө
ашырат, тейленүүчү органдардын автотранспортун сатып алууну жана оњдоо-
ну уюштурат;
- Өкмөт Үйүнүн имаратын жана башка администрациялык имараттарды
жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жайларын күтүүнү
жана тейлөөнү камсыз кылат. Иш башкарманын балансында турган админист-
рациялык имараттарды жана жайларды пайдалануу жана күтүү боюнча чарба-
лык-техникалык кызматтарды уюштурат жана түзөт;
- администрациялык имараттарды жана жайларды арендалоодон алынган,
Иш башкарманын балансында турган администрациялык имараттарды жана жай-
ларды оњдоо-кайрадан калыбына келтирүү иштерине жумшалуучу каражаттар-
дын пайдаланылышына контролдук кылат;
- тейленүүчү мамлекеттик органдардын жана өзүнө караштуу ишкана-
лардын, уюмдардын жана мекемелердин курамына кирген кызматкерлерди ме-
дициналык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана камсыз кы-
луу маселелерин белгиленген тартипте чечет;
- өзүнө караштуу ишканалар жана мекемелер көрсөтүүчү кызматтардын
түрлөрүнүн тизмесин аныктоо боюнча, ошондой эле өзүнө караштуу ишкана-
лар менен мекемелер көрсөтүүчү кызматтарга (иштерге) баалардын (тариф-
тердин) негизделген прейскуранттарын белгилөө боюнча ишти координация-
лайт;
- өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетек-
чилерин, орунбасарларын жана башкы бухгалтерлерин дайындоо жана ээлеген
кызматынан бошотуу маселелерин чечет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасынын жана бшка мамлекеттик органдарынын
компьютердик системаларынын, телекоммуникациялык жана аудио-видео жаб-
дууларынын программалык-техникалык комплексинин иштешин камсыз кылат;
- өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин финан-
сылык абалын контролдойт, ишин тематикалык текшерүүнү жана документал-
дык текшерүүнү, ошондой эле республиканын тейленүүчү мамлекеттик орган-
дарынын чыгымдарын аткаруу сметасын текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын фонду жөнүндө Жо-
бонун чектеринде Иш башкарманын социалдык-өндүрүштүк ишинен келип
түшкөн каражаттардан жана башка каражаттардан фондду түзөт жана ага же-
текчилик кылат, фонддун каражаттарынын белгиленген максаттарда пайдала-
нат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридика-
лык жактардын катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөт, зарылчылык
болгон учурда чет өлкөлүк банктарда эсептерди ачат;
- Иш башкарманын натыйжалуу ишин камсыз кылуу маселелери боюнча
сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна коет.
III. Иш башкарманын ыйгарым укуюары
6. Өз функцияларын жүзөгө ашырууда Иш башкарма төмөнкүлөргө укук-
туу:
- өзүндө болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес ба-
гыттагы капиталдык салымдарды финансылоого, ошондой эле белгиленген
тартипте чарбалык ишти жүргүзүүгө пайдаланууга;
- Иш башкармага караштуу болгон ишканалардын, уюмдардын жана меке-
мелердин аларга бекитилген объекттерди пайдалануу учурунда коммерциялык
иштен алынган кирешелерин Иш башкарма жүзөгө ашыруучу өндүрүштүк жана
өндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарды түздөн-түз финансылоого жумшоого;
- өзүнүн карамагында болгон мүлктүн эсебинен же өзүнө бөлүнгөн ка-
ражаттардын (анын ичинде коммерциялык мүнөздөгү) чектеринде өзүнө ка-
раштуу мамлекеттик мекемелерди, ишканаларды түзүүгө, өзүнө караштуу
түзүлгөн же өзгөртүп түзүлгөн ишканалардын, мекемелердин жоболорун, ус-
тавдарын бекитүүгө;
- өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишин
уюштурууну өркүндөтүү максатында ага бекитилген мүлктү алып коюу же
кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- өзүнө бекитилген мүлктү белгиленген тартипте арендага тапшыруу-
га, өзүнө караштуу уюмдарга жана мекемелерге бекитилген мүлктү пайдала-
нуу тартибин жана шарттарын аныктоого жана аларга чарбалык коомдорго
жана шериктештиктерге, үлүштүк курулушка катышууга, аларга бекитилген
мүлктү арендага тапшырууга укук берүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу жана Кыргыз Респуб-
ликасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имаратта-
рын жана жайларын пайдалануу боюнча жыйынды реестрге киргизилген адми-
нистрациялык имараттарды жана жайларды сарамжалдуу пайдалануу боюнча
сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коюуга;
- Иш башкарманын карамагында турган администрациялык имараттарга
мамлекеттик башкаруу органдарын белгиленген тартипте жайгаштырууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бош
орундарды ээлөөгө конкурс өткөрүүгө, Иш башкарманын маамлекеттик кыз-
матчыларын жана өзүнө караштуу ишканалардагы, уюмдардагы жана мекеме-
лердеги жетекчи кадрларды аттестациялоого;
- бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен контракттык негизде
адистерди ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишка-
налардын жана мекемелердин акцияларынын мамлекеттик пакетине (үлүшүнө)
ээ болууга, аны пайдаланууга жана башкарууга;
- өзүнө караштуу ишканалар жана мекемелер менен оперативдүү башка-
руу жана чарба жүргүзүү укугунда Иш башкармага берилген мамлекеттик
мүлктү пайдалануу шарттары жөнүндө келишим түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлгөн
милдеттерди жана фукнцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат-
ты белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйрукта-
рын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кењештерди жана жумушчу топторду
түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмала-
рын Иш башкарманын карамагына кирген бардык мамлекеттик органдар жана
кызмат адамдары аткарышын контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын Президенти Иш башкармага жүктөгөн башка
ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
IV. Мүлк жана каражаттар
7. Иш башкарманын мүлкү жана каражаттары анын балансында чагылды-
рылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттары-
нан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
Иш башкарма жана ага караштуу ишканалар менен мекемелерге бекитил-
ген, Иш башкарманын балансында турган мүлк (имараттар, курулуштар, кый-
мылсыз мүлк) мамлекеттик менчик болуп саналат, Кыргыз Республикасынын
Президентинин тиешелүү чечими болмоюнча мамлекеттен ажыратылбайт жана
менчиктештирилбейт, ошондой эле сатып алуу укугу менен арендага тапшы-
рылбайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын админист-
рациялык имараттарын пайдалануу боюнча жыйынды реестрге киргизилген
мамлекеттик администрациялык имараттарды (жайларды) мамлекеттен ажыра-
туу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечими менен
жүргүзүлөт.
Ведомствого караштуу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге беки-
тилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарын чарбалык коомдордун
жана шериктештиктердин уставдык капиталына взнос катары пайдаланууга,
ошондой эле ага караштуу ишканалар башка жактар менен үлүштүк курулушка
катышуусуна Иш башкарма менен макулдашуу боюнча гана жол берилет.
8. Иш башкарманын финансылык каражаттарынын негизги булактары бо-
луп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистринин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыр-
гыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук ко-
миссиясынын жана Иш башкарманын жана ага караштуу уюмдардын ишин камсыз
кылууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар;
- ведомствого караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин
кирешелеринен белгиленген нормативге ылайык чегерүүлөр:
- бюджеттен тышкаркы, демөөрчүлүк, өкүлчүлүктүү жана карыз кара-
жаттар, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башка
кредиттик уюмдардын кредиттери;
- чет өлкөлүк делегацияларды тейлөө жана чет өлкөлүк юридикалык
жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн улуттук жана чет өлкөлүк
валюта түрүндөгү каражаттар;
- чет өлкөлүк делегацияларды тейлөө жана ведомствого караштуу иш-
каналар жана мекемелер көрсөтүүчү кызматтар үчүн сом жана валюта
түрүндөгү каражаттар;
- атайын каражаттар;
- Иш башкарманын балансында болгон мамлекеттик жана башка мүлктү
арендага тапшыруудан алынган арендалык төлөмдөр жана мамлекеттик адми-
нистрациялык имараттарды жана жайларды пайдалануу үчүн аренда акысынан
алынган, аларды оњдоого жана күтүүгө жумшалуучу каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка
каражаттар.
V. Иш башкармага жетекчилик кылуу
9. Иш башкармага иш башкаруучу жетекчилик кылат, ал Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошо-
тулат.
10. Иш башкаруучунун орунбасарлары, анын ичинде бир биринчи орун-
басары болот, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Иш башкарманын ишин жеке башчылык кылуу негизинде иш башкаруу-
чу уюштурат, ал Иш башкармага жүктөгөн милдеттердин аткарылышы үчүн же-
ке жоопкерчилик тартат. Өзүнүн орунбасарларынын ортосунда милдеттерди
бөлүштүрөт жана аларга өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну
тапшырат, Иш башкарманын башка кызматкерлери Иш башкарманын компетенци-
ясына кирген оперативдүү-финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка ма-
селелерди чечиши боюнча алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.
12. Иш башкаруучу:
- Иш башкарманын структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республи-
касынын Президентинин бекитүүсүнө сунуш кылат;
- Иш башкарманын бөлүмдөрүнүн, структуралык бөлүмдөрүнүн жана ага
караштуу мекемелер менен ишканалардын милдеттерин аныктайт;
- Иш башкарманын бардык бөлүмдөрүнүн өзара аракеттенүүсүн коорди-
нациялайт;
- Иш башкарманын коллегиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат жана
анын чечимдерине кол коет;
- Иш башкарманын кызматкерлеринин, ага караштуу ишканалардын, уюм-
дардын, мекемелердин жана чарбалардын жетекчилерин, алардын орунбасар-
ларын жана башкы бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошо-
тот;
- Иш башкарманын компетенциясына кирген маселелер боюнча милдеттүү
түрдө аткарылууга тийиш болгон приказдарды жана буйруктарды чыгарат;
- Иш башкарманын кызматкерлерине мамлекеттик кызматтын класстык
чендерин белгиленген тартипте берет;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына Иш баш-
карманын карамагына кирген маселелерди чечүүдө катышат;
- ведомствого караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин
жоболорун (уставдарын) бекитет;
- белгиленген тартипте бекитилген чыгымдардын сметасынын чектерин-
де мүлктү жана акча каражаттарын башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык кол-
до болгон фонддорду пайдалануу маселесин чечет;
- белгиленген тартипте чыгымдардын сметасын, финансылык пландарды,
объекттерди капиталдык курууга, реконструкциялоого жана капиталдык
оњдоого долбоорлорду бекитет;
- келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык операцияларды
жүргүзөт, белгиленген тартипте негизги каражаттарды Иш башкарманын жана
ага караштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана чарбалардын ба-
лансынан жокко чыгарат;
- белгиленген тартипте ведомствого караштуу ишканаларды, мекеме-
лерди жана чарбаларды түзүү, өзгөртүп түзүү же жоюу, Иш башкарманын ку-
рамына башка ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди жана чарбаларды кир-
гизүү, бирикмелерди, филиалдарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын ка-
тышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин чечет;
- ведомствого караштуу ишканалардын жана мекемелердин структурасын
жана штаттык санын бекитет;
- белгиленген тартипте Иш башкарманын кызматкерлери, ага караштуу
ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, алардын орунба-
сарлары жана башкы бухгалтерлери менен эмгек келишимдерин түзөт;
- ведомствого караштуу ишканалар менен мекемелердин ишинин тарти-
бин аныктайт;
- ведомствого караштуу мекемелердин жана ишканалардын экономикалык
ишинен чегерүүлөрдүн нормативдерин бекитет;
- Иш башкарма жана ага караштуу ишканалар менен мекемелер аткаруу-
чу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана тизмесин белги-
лейт.
13. Иш башкармада коллегия түзүлөт, анын курамына иш башкаруучу
(коллегиянын төрагасы), анын орунбасарлары жана Иш башкарманын башка
кызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына, ошондой эле Иш башкармага
караштуу мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери кириши мүмкүн.
Коллегиянын курамын иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти бекитет. Коллегияны Иш башкарманын ишинин алда
канча маанилүү маселелерин карап чыгуу үчүн иш башкаруучу чакырат.
Коллегиянын чечими иш башкаруучу тарабынан тиешелүү приказдарды
жана буйруктарды чыгаруу жолу менен турмушка ашырылат, аларды өздөрүнө
карата кабыл алынган бардык ишканалар менен мекемелер жана кызмат адам-
дары аткарууга милдеттүү.
VI. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
14. Иш башкарма Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен
өзгөртүп түзүлөт жана жоюлат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жобо (№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 Указы менен бекитилген)Положение · 05.12.2001 · № 354 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2003-жылдын 5 - мартындагы ПЖ № 89 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.03.2003 · № 89
- КР Президентинин 2004-жылдын 21 сентябрындагы ПЖ № 306 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабырындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы…Указ · 21.09.2004 · № 306
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 05.12.2001 · № 354 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жобо (№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 Указы менен бекитилген)Положение · 05.12.2001 · № 354 · Күчүн жоготкон