# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-январындагы № 5 «Кыргыз темиржолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-январындагы № 5 «Кыргыз темиржолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2007/edition/1184157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-январындагы № 5 «Кыргыз темиржолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жөнүндө" Жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4381

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 9-январы ПЖ № 5

«Кыргыз темиржолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жөнүндө

Темиржол транспортун башкаруу системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында темиржол транспортунун ишин координациялоо жана андан ары өнүктүрүү стартегиясын иштеп чыгуу максатында токтом кылам:

1. "Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын акциялаштыруу максатка ылайыктуу деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- бир айлык мөөнөттө "Темиржол транспорту жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды, Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү Программасын жана "Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын жана анын түзүмүнө кирген ишканалар менен уюмдарды мамлекеттен ажыратууну чектөөнү жокко чыгарган башка ченемдик укуктук актыларды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу

маселелерин белгиленген тартипте чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
