# КР Президентинин 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2006/edition/288258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыгы (03.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4380

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө Мамлекеттик менчик объекттерин натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, ишканалардын экономикалык кызыкчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасы үчүн финансылык пайданы жоготуу тобокелин азайтуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомун (мындан ары - "Кристалл МАК) Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигинин карамагынан чыгарып жана бул коомдун акцияларынын бардык мамлекеттик пакетин жана бүткүл документациясын берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары Кыргыз Республикасынын Маммүлккому) карамагына өткөрүп берсин;

- PESAC программасына кирген акционердик коомдордун акцияларынын пакетин сатуу боюнча соодага жана ведомстволор аралык тендердик комиссияны түзүүгө байланышкан мурда кабыл алынган ушул Жарлык күчүнө киргенге чейин жүзөгө ашырылбаган өз чечимдерин жокко чыгарсын;

- Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине "Кристалл" МАКтын акцияларынын пакетин сатуу боюнча мурда жарыя кылынган жокко чыгарууга тийиштүү тапшырмаларды берсин;

- Кыргыз Республикасынын Маммүлкомуна Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык "Кристалл" МАКтын мүлктүк комплексин (акцияларынын пакетин) сатуунун тартибин аныктоо тапшырылсын;

- "Кристалл" МАКтын мүлктүк комплексин (акцияларынын пакетин) сатуу боюнча ыйгарым укуктар белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Маммүлккомуна жүктөлсүн.

2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
