# КР Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №667 " Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №667 " Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 667
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2003/edition/288255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №667 " Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Жарлыгы (29.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4377

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 29-декабры, ПЖ № 667

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга

мораторийдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жазык саясатын андан ары гуманизациялоо жана

либерализациялоо максатында,

жашоого болгон укук ар бир адамдын ажыралгыс укугу экендиги жөнүндө

жобону көњүлгө алып,

Кыргыз Республикасынын эларалык укуктун жалпы таанылган

принциптерине жана ченемдерине жана мыйзамдуу күчүнө кирген адам

укугунун маселелери боюнча эларалык келишимдер менен макулдашууларга

ылайык адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин сактоону жактай

тургандыгын ырастап,

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын адамдын укуктары менен

эркиндиктерин эларалык шериктештиктин жалпы таанылган стандарттарыиа

ылайык келтирүү зарылчылыгын белгилеп,

өлүм жазасын алып салууну жактоочу болуу менен жана өлүм жазасын

алып салуу адамдын беделии чыњдоого жана адам укугун прогрессивдүү

өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө тургандыгынын зарылчылыгын ањдап,

өлүм жазасын аткарууга мораторийди узартуу жана аны толук алып

салуу боюнча чараларды кабыл алууга Кыргыз Республикасын чакырган ата-

мекендик жана эларалык уюмдардын демилгелерин эске алып,

атайын комплексттерди куруу, өзгөчө жаза чарасына соттолгон

адамдарды кармоо үчүн талап кылынган шарттарды түзүү, андай

мекемелерде иштөө үчун кызматкерлерди даярдоо менен байланышкан бир

катар уюштуруу-даярдык көрүү иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыгына

негизденип,

өлүм жазасын алып салуу адамдардын ањ-сезиминде жазык саясатын

андан ары гуманизациялоонун, либерализациялоонун, анын ичинде өлүм

жазасын алып салуунун зарылчылыгын тушүнүүнү калыптандыруу жана чыњдоо

максатында калк арасында кењири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талан

кыла чургандыгын көњүлгө алып,

жазык, жазык-процесстик жана жазык-аткаруу мыйзамдарына тийиштүү

түзөтүүлөрдү кылдат иштеп чыгуу жана киргизүү зарылчылыгын түшүнүп,

гуманизм жана кайрымдуулук принциптерин жетекчиликке алып жана

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын 2-пунктуна жана

42-статьясынын 2-пунктуна жана адам укугунун Жалпы декларациясынын 3-

статьясына ылайык токтом кылам:

1. Өзгөчө жаза чарасына - өлүм жазасына соттолгон адамдарга карата

соттун өкүмүн аткарууга мораторийдин мөөнөтү 2006-жылдын 1-январынан

баштап ал мыйзамдуу жол менен толук алып салынганга чейин узартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөргө багытталган мыйзам долбоорлорүн

даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин:

1989-жылы 15-декабрда ООНдун Башкы Ассамблеясынын 44/128

резолюциясы менен кабыл алынган өлүм жазасын алып салууга багытталган

жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эларалык пактыга Экинчи

факультативдик протоколго Кыргыз Республикасынын кошулушуна;

өлүм жазасын алып салууга жана анын ичинде өлүм жазасын аткарууга

мораторийди колдонуу жайылтыла турган адамдарга карата да аны өмүр бою

эркиндигинен ажыратуу жана/же узак убакытка эркиндигинен ажыратуу

менен алмаштырууга;

- өзгөчө жаза чарасына - өлүм жазасына соттолгон адамдарды кармоо

шартын жакшыртууга, анып ичинде аталган адамдарды кармоо үчүн атайын

комплексттерди курууга кошумча каражаттарды издеп табууга багытталган

чаралардын комплексин кабыл алсын, ошондой эле олүм жазасын алып салуу

боюнча Кыргыз Республикасынын күч-аракеттерин колдогон эларалык

уюмдардын финансылык ресурстарын тартсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эркиндиктен ажыратуу

жерлеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын толук жана

талаптагыдай аткарылышына, анын ичинде, медициналык камсыз кылуу,

тамактануу жана башка укуктар жагындагы маселелерге көзөмолдүктү

күчөтүүгө багытталган иш-чараларды ай сайын жүргүзсүн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын

Президентине маалымдоо менен тийиштүү чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Реснубликасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана Кыргыз Республикасынын

Президентине караштуу адам укугу боюнча Комиссия жарандык коомдун жана

укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен соттолгондордуи

укуктарынын сакталышыыа, түзөтүү мекемелеринин абалына жана алардын

кызматкерлеринин кесиптик дењгээлине мониторинг жүргүзсүн, эгерде

мониторинг жүргүзгөн адамдардын жеке коопсуздугуна коркунуч жок болсо.

Мониторингдин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Президентине,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө жонөтулсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын

Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Президеитине караштуу

адам укугу боюнча Комиссия ОБСЕнин, Европа союзунун, Эларалык

түрмөлөрдү реформалоо жана башка эларалык жана ата-мекендик уюдардын

колдоосу менен 2006-жыл ичинде жазык саясатын андан ары

гуманизацияяоо, либерилизациялоо жана өлүм жазасын алып салуу

зарылчылыгынын маселеси боюнча тегерек столдорду, конференцияларды

өткөрүү жолу менен калк арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында

кењири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынан Кыргыз

Республикасында жазык саясатын андан ары гуманизациялоо,

либерилизациялоо жана өлүм жазасын алып салуу боюнча демилгелерди жана

иш-чараларды колдоо өтүнүч кылынсын.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылууну өзүмө алам.

8. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиев
