# Казыбек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-февралындагы № 6 "Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Бел» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Казыбек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-февралындагы № 6 "Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Бел» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/43736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5181/edition/800277/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Казыбек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-февралындагы № 6 "Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Бел» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому (29.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/43736

---

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7 - шайланышынын 16 - сессиясы

2016-жылдын 29-февралы № 6 Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Бел» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө Казыбек айылынын тургуну Абдыкеримова Викторияга «Жол-Белек» участкасынан сарай салуу үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 Протоколунун негизинде, айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекиген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Убактылуу Жобонун 16-пунктунун 1,2,3-подпунктуна ылайык жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 Протоколунун негизинде Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу «Жол-Бел» коктусундагы № 777 контурунун ичиндеги 382,4 га айыл- чарба багытындагы жайыт жеринин ичинен 0,05 га жери курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которууга берилген сунуш бекитилсин.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

Төрага

Б. Аттокуров
