# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10 декабрындагы № 632 " Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10 декабрындагы № 632 " Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 632
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2000/edition/860852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10 декабрындагы № 632 " Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгы (16.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4373

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 10-декабры ПЖ № 632

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө

Калктын көзкарандысыз жана объективдүү маалыматка, билим берүү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына муктаждыктарын канааттан- дыруу, ошондой эле коомдук берүүнүн ролун жогорулатуу максатында токтом кылам: 1 "Ош-3000" мамлекеттик телерадиокомпаниясынын базасында Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы түзүлсүн.

2. (КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 121 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин;

- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадио-

берүү компаниясын башкаруунун корпорациялык ыкмасына этап-этабы менен которуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени изилдесин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-

на байланыш Улуттук агенттиги менен Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия бир айлык мөөнөттө мыйзамда белгиленген тартипте бүткүл рес- публиканын аймагын камтыган метрлик диапазондогу жыштыкты бөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

жањыдан түзүлгөн "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компания- сын материалдык-техникалык жактан жабдууга көмөк көрсөтсүн.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 23-апрелиндеги

№ 176 буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы, 3-6-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19-октябрындагы

№ 322 буйругу.

8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин басмасөз кызматына жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
