Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 602 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңешти түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы Жарлыгына өзгөтүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу» жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 29-ноябры ПЖ № 602
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу илим жана инновациялык технологиялар
боюнча Координациялык кењешти түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
19-январындагы Жарлыгына өзгөтүүлөрдү жана
толуктоону киргизүү тууралу
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы-
нын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча
Координациялык кењештин ишин күчөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин сунуштарын эске алып жана Кыргыз Республикасындагы
илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү күчөтүү максатында
токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана иннова-
циялык-технологиялар боюнча Координациялык кењешти түзүү жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы № 22 Жар-
лыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пунктта "социалдык саясат" деген сөздөр "стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Коор-
динациялык кењеш жөнүндө Жобонун 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи
абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновация-
лык технологиялар боюнча Координациялык кењентин ишин материалдык-тех-
никалык жана башка жакын камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Улуттук
илимдер академиясы жүзөгө ашырат.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Коор-
динациялык кењештин курамы бул Жарлыктын тиркемесине ылайык жањы редак-
цияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын штаттык са-
нынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана
инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кењештин жооптуу кат-
чысынын негизги иштен бошотулган кызмат ордун карасын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инноваци-
ялык технологиялар боюнча Координациялык кењештин жооптуу катчысынын
иши менен байланышкан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чеч-
син;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
илим жана инновациялык технологиялар боюнча
Координациялык кењештин
КУРАМЫ
Бакиев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президенти, Коор-
Салиевич динациялык кењештин төрагасы;
Ормонбеков Тынымбек - Координациялык кењештин жооптуу катчысы.
Координациялык кењештин мүчөлөрү:
Бөрүбаев Алтай - Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестаци-
Асылканович ялык комиссиясынын төрагасы;
Жакыпов Алмазбек - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун
Сейталиевич башкармасынын төрагасы - президенти;
Жуматаев Мурат - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Садырбекович академиясынын Машина таануу институтунун
директору;
Жапаров Акылбек - Кыргыз Республикасынын экономика жана фи-
Үсөнкулович нансы министри;
Жеенбаев Жаныбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясынын президенти;
Иманалиев Мурзабек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясынын Математика институтунун ди-
ректору;
Каниметов Кубат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад-
Абдулдаевич министрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүн башчысы;
Кудабаев Зарылбек - экономикалык илимдердин доктору, Кыргыз
Исалыевич Республикасынын эмгек сињирген экономис-
ти;
Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-ми-
Кимсанбаевич нистри;
Мамасаидов Махаммаджан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ташалиевич депутаты;
Маматканов Дүйшөн - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Маматканович академиясынын Суу проблемалары жана гид-
роэнергетика институтунун директору;
Ниязов Шайлообек - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сак-
Ниязович тоо министри;
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министри;
Оморов Роман - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Оморович Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик
агенттиктин директору;
Сарыгулов Дастан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы-
Исламович сы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Положение о Координационном совете по науке и инновационным технологиям при Президенте Кыргызской Республики (Указ Президента КР от 19 января 2005 года № 22)Положение · 19.01.2005 · № 22
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык…Указ · 19.01.2005 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илим жана инновациялык технологиялар боюнча координациялык кеңештин…Постановление · 08.02.2006 · № 76 · Күчүн жоготкон