# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы ПЖ № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы ПЖ № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 597
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1995/edition/288210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы ПЖ № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" жарлыгы (25.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4368

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-ноябрындагы ПЖ № 597

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясына ылайык, ошондой эле экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу-лугун жогорулатуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция баш-кармасынын базасында Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы

түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы аткаруу бийлик системасындагы мамлекеттик уку коргоо органы болуп саналат, анын негизги милдетине мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика-лык, салык кылмыштарын табуу, бетин ачуу жана тергөө кирет.

3. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматына Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти кызмат ордуна дайындай турган төрага башчылык кылат;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын

эки орунбасары, анын ичинде бир биринчи орунбасары болот, алар Кыргыз

Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.

4.Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы эки жумалык мөө-нөттө башкаруунун схемасын, түзүмүн, штаттык санынын чеги боюнча сунушту жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жана Кыргыз Рес-

публикасынын Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Жоболо-рунун долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-гизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- башкаруу схемасын, түзүмүн, штаттык санынын чегип жана Кыргыз Рес-публикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жана Кыргыз Республикасы-нын Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Жоболорду бир

айлык мөөнөттө бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине жана мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акты төлөө шартын жөн-

гө салган ченемдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын түзүлгөндүгүнө байланыштуу бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечси;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жар-лыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча су-нушту киргизсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана укук коргоо орган-дарынын иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
