# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 574 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрындагы "Кыргыз Республикасында корпорациялык башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө" Указына толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 574 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрындагы "Кыргыз Республикасында корпорациялык башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө" Указына толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 574
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1994/edition/288208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ № 574 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрындагы "Кыргыз Республикасында корпорациялык башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө" Указына толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы (27.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4366

---

КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ №188

Жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 18-ноябры ПЖ № 574

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын

22-октябрындагы "Кыргыз Республикасында корпорациялык

башкаруунун туруктуу системасын түзүү жөнүндө" Указына

толуктоо киргизүү тууралу

Айылчарба өндүрүшчүлөрүн мамлекеттик колдоону натыйжалуу камсыз

кылуу жана жабык типтеги "Кыргыз айылчарба финансылык корпорациясы" ак-

ционердик коомунун жетекчилик курамын түзүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 22-октябрында-

гы № 323 "Кыргыз Республикасында корпорациялык башкаруунун туруктуу

системасын түзүү жөнүндө" Указына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттун экинчи абзацындагы "Алтын Эйр"," деген сөздөн кийин

"Кыргыз айылчарба финансылык корпорациясы" деген сөздөр кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жабык типте-

ги "Кыргыз айылчарба финансылык корпорациясы" акционердик коомунун ак-

ционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жана аталган коомдун уставына

ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланыш-

кан уюштуруу маселелерин чечсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
