# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 544 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоо тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 544 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоо тууралуу"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1989/edition/389220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 544 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоо тууралуу" (14.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4361

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-ноябры ПЖ № 544

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын Конституциясына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы

элдик талкуулоо тууралуу

Конституциялык кењешменин катышуучулары өткөрүлгөн жыйналыштардын

жүрүшүндө оозеки, ошондой эле Конституциялык кењешменин Катчылыгына

каттарда жана кайрылууларда берилген бир кыйла сунуштарды жана сын-пи-

кирлерди киргизди. Конституциялык кењешменин төрагасынын дарегине депу-

таттык фракциялардан жана топтордон да сунуштар, жарандардан, уюмдардан

жана ар кыл бирикмелерден көп сандаган каттар келип түштү, аларда конс-

титуциялык реформа жана аны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маанилүү

сунуштар камтылган.

Мында республиканын коомдук-саясий күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн жана жа-

рандык коомдун өкүлдөрүнүн көрсөтүлгөн жигердүүлүгү талкууланып жаткан

айрым конституциялык түзөтүүлөрдүн өтө актуалдуулугу жөнүндө күбөлөп

турат. Бирок келип түшкөн каттарда пикирлер менен көзкараштардын айрым

төп келүүлөрү гана эмес, ошондой эле таптакыр окшошпогон өњүттөр жана

бири-бирине карама-каршы келген ой жүгүртүүлөр камтылган.

Баяндалгандарды эске алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоону жүргүзүү зарыл деп

эсептейм жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 23 жана

42-статьяларын жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Ушул Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамынын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

жалпы элдик талкуулоо 2005-жылдын 15-декабрына чейин жүргүзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- борбордук, жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын жана жерги-

ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын системасында зарыл түшүндүрүү

иштерин жүргүзүү үчүн квалификациялуу адистердин катышуусу менен Мый-

замдын долбоорунун жоболорун жашаган жери боюнча чогулуштарда жана уюм-

дарда жарандар талкуусун уюштурууну караган ишчаралардын планын иштеп

чыксын;

- "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана то-

луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоо-

рун жалпы элдик талкуулоонун жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында

кењири чагылдырууну уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Областтардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын

башчылары, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчылары:

- ишенип берилген аймакта жашаган жарандар алдыдагы конституциялык

реформанын милдеттерин түшүнүшүнө аларга жардам көрсөтүүнү биринчи ке-

зектеги тартипте уюштурсун;

- жарандардан келип түшкөн каттарды, ошондой эле "Кыргыз Республи-

касынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча жарандар оо-

зеки айткан сунуштар жана сын-пикирлер жөнүндө жыйынды маалыматты Конс-

титуциялык кењешменин жооптуу катчысына тезарада жөнөтүп турсун.

4. Конституциялык кењешменин жооптуу катчысы "Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча жарандардан эмгек жа-

мааттарынан, коомдук бирикмелерден келип түшкөн сунуштарды жана кайры-

лууларды жалпылоону, ошондой эле тиешелүү талдоо жүргүзүүнү камсыз кыл-

сын.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
