# Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2005-жылдын 12-октябры ПЖ N 457 "Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2005-жылдын 12-октябры ПЖ N 457 "Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 457
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1984/edition/831022/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2005-жылдын 12-октябры ПЖ N 457 "Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" (30.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4356

---

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 309 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 12-октябры ПЖ № 457 Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө Адамдын укугун жана эркиндигин нагыйжалуу, жеткиликтүү коргоону жана конституциялык кепилдиктерге жана эларалык укук ченемдерине ылайык мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуу боюнча 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү негиздеринде жана 2002-2010-жылдардагы мезгилге "Адам укугу" Улуттук программасында аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиркелген Концепцияны жүзөгө ашыруу анын ичинде уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
