# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 517 «Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 517 «Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 517
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1983/edition/288182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 517 «Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы (27.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4355

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-ноябры, ПЖ № 517

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

«Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө

(КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ №188

Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Авиациялык тармакты андан ары өнүктүрүү жана бул тармакка

мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- «Алтын Эйр» акционердик коомунун базасында авиаташууларды жүзөгө

ашыруу жана литердик рейстерди тейлөө үчүн «Кыргызстан» авиациялык

компаниясын түзүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин түзүлүп жаткан авиациялык

компаниянын акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруучу катарында

аныктоо жөнүндө маселени эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын;

- «Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө маселени иштеп

чыгуунун жыйынтыктары боюнча «Кыргызалтын», «Алтын Эйр» жана

«Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиаташуучу акционердик коомдорунун

акционерлеринин жалпы чогулуштарынын кароосуна «Кыргызстан» авиациялык

компаниясын уюштуруу жөнүндө маселени бир айлык мөөнөттө койсун;

- «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиаташуучу жана «Алтын Эйр»

акционердик коомдорунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу

жөнүндө маселени карасын;

- «Кыргызстан» авиациялык компаниясын калыптандыруу жана өнүктүрүү

үчүн тике инвестицияларды тартуу жонүндө маселени карасын;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди

карасын жана чечсин.

2. (күчүн жотготту)

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучуга

жүктјлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
