Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 21-октябрындагы № 476
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы
күрөш боюнча Улуттук кењеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кењештин милдеттери
III. Кењештин компетенциялары
IV. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук
кењешинин курамы жана аны түзүү принциптери
V. Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын
өкүлдөрүн Кењештин курамына делегациялоонун тартиби
VI. Кењештин ишин уюштуруу
VII. Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук
агенттик менен өзара мамиле
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук
кењеши (мындан ары - Кењеш) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды
жүзөгө ашырууга мамлекеттик-коомдук контролдукту камсыз кылуу максатын-
да түзүлгөн.
II. Кењештин милдеттери
2. Кењештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коррупцияга каршы күрөшүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатка
ылайык Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук
агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин артыкчылыктуу багыттарын
аныктоо;
- Агенттиктин ишине мамлекеттик-коомдук контролду жүргүзүү;
- Агенттик жөнүндө Жобо менен белгиленген Агенттиктин көзкаранды-
сыздыгынын кепилдигин сактоого мониторинг жүргүзүү;
- Агенттиктин кадр саясатына мониторинг жүргүзүү;
- коррупция маселесинин ар кандай аспекттери боюнча Агенттиктин
Комиссарына консультацияларды берүү.
III. Кењештин компетенциялары
3. Кењештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Комиссарды дайындоого (бекитүүгө макулдук берүү);
- Агенттиктин жылдык иш-планын бекитүү;
- Агенттикти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана келечектүү пландарын
бекитүү;
- Комиссардын отчетторун кароо жана бекитүү;
- Агенттиктин иши боюнча коомдук пикирди жана мамлекеттик органдар
менен жарандык коомдун уюмдарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын жана
иликтенген маалыматтын жыйынтыгы боюнча Комиссарга практикалык чаралар-
ды сунуш кылуу.
IV. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы
күрөш боюнча Улуттук кењешинин курамы жана аны
түзүү принциптери
4. Кењештин курамына мамлекеттик органдардан жана жарандык коомдун
уюмдарынан өкүл болгон он бир мүчө кирет:
Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук
агенттигинин Комиссары;
Жарандык коомдон (жалпыга маалымдоо каражаттары, ишкерлер ассоциа-
циясы, кесиптик бирликтер, академиялык чөйрө, коомдук бирикмелер, чы-
гармачыл союздар) алты өкүл.
5. Жогорку билимдүү жана кеминде беш жылдык кесиптик иш-тажрыйбасы
бар Кыргыз Республикасынын жараны Кењештин мүчөсү боло алат.
6. Жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар, эгерде ал соттуулугу мый-
замда белгиленген тартипте тындырылбаган же жокко чыгарылбаган адам
Кењештин мүчөсү боло албайт.
7. Мамлекеттик органдардан өкүл болгон Кењештин мүчөлөрү Кыргыз
Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Сотунун Пленумунун чечиминин негизинде эки жылдык мөөнөткө деле-
гацияланат. Комиссар Кењештин курамына ал Кыргыз Республикасынын кор-
рупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө Жобого ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна бекитилгенден
кийин кирет.
8. Жарандык коомдон өкүл болгон Кењештин мүчөлөрү Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жарандык коомдун уюмдары (жалпыга
маалымдоо каражаттары, ишкерлердин ассоциациялары, кесиптик бирликтер,
академиялык чөйрөлөр, коомдук бирикмелер, чыгармачыл союздар) тарабынан
делегацияланат.
9. Жарандык коомдун өкүлдөрүн Кењешке жөнөтүү жөнүндө чечим аларды
жөнөткөн уюмдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынууга тийиш.
Жарандык коомдун бирикмелеринин ар кандай топторунун таламдарын билдир-
ген жана кесиптик, региондук, саясий же башка белгилери боюнча түзүлгөн
уюмдары бирдиктүү талапкерди көрсөтүшү мүмкүн.
10. Бир уюмдун атынан Кењештин курамына бир гана өкүл кириши
мүмкүн.
11. Жарандык коомдон Кењештин курамына жиберилген өкүлдөр аларды
делегациялаган структураларга отчет берет.
12. Кандайдыр бир себептер боюнча Кењештин курамынан чыгып калган
анын мүчөсү бул туурасында Кењештин төрагасына жана аны Кењешке делега-
циялаган органга же уюмга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Кењештеги
бош оорун ушул Жободо айтылган жол-жоболорго ылайык ээлениши керек.
13. Кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алардын та-
лапкерлиги бекитилген учурдан тартып эсептелет жана эки жылды түзөт.
14. Кењештин жыйналыштарына катышуу анын бардык мүчөлөрү, анын
ичинде жарандык коомдун өкүлү үчүн алардын тикелей милдети болуп сана-
лат.
15. Жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн Кењештин курамындагы иш турук-
туу болуп саналбайт жана Кењештин жыйналышына катышуу менен байланышкан
чыгымдар гана компенсацияланат.
V. Мамлекеттик органдардын жана жарандык
коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн Кењештин курамына
делегациялоонун тартиби
16. Ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып отуз календарлык күндүн
ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Соту Кењешке өз өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кыргыз
Республикасынын Президенти сунуш кылынган талапкерлерди тийиштүү мамле-
кеттик органдардан жазуу жүзүндөгү билдирме алынгандан кийин бекитет.
17. Ушул Жобо күчүнө киргенден тартып он беш календарлык күндүн
ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кењештин
курамына жарандык коомдун уюмдары өз өкүлдөрүн жиберүү мүмкүнчүлүгү
жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыялайт.
18. Жарандык коомдун уюмдарынын топтору жалпыга маалымдоо каражат-
тарына кулактандыруу жарыялаган күндөн тартып он беш календарлык күндүн
ичинде өз өкүлдөрүн коллегиялуу түрдө Кыргыз Республикасынын коррупция-
га каршы күрөш боюнча Улуттук кењешке өкүлчүлүктүн төмөнкү ченеми боюн-
ча тандайт:
- жалпыга маалымдоо каражаттары - бир өкүл;
- ишкерлер ассоциациясы - бир өкүл;
- кесиптик бирликтер - бир өкүл;
- академиялык чөйрөлөр - бир өкүл;
- коомдук бирикмелер - бир өкүл;
- чыгармачыл союздар - бир өкүл.
19. Ушул Жободо баяндалган жол-жобого ылайык тандалган жарандык
коомдун өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыя-
ланган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Рес-
публикасынын Президентине алар Кењештин курамына делегациялангандыгы
жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени аларды делегациялаган жарандык коом-
дун уюмдарынын чечимдеринин (жалпы чогулуштун протоколу, илимий кењеш-
тин, саясий кењештин чечими ж.б) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн
көчүрмөлөрүн тиркөө менен тапшырат.
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кењештин
курамына талапкерлерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин он беш календар-
лык күндөн кечиктирбестен алардын толук тизмесин жалпыга маалымдоо ка-
ражаттарына жарыялайт.
21. Кыргыз Республикасынын Президенти талапкерлердин толук тизмеси
жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тартып он беш кален-
дарлык күндөн кечиктирбестен жарандык коомдун уюмдарынан делегациялан-
гандардын ичинен мамлекеттик органдардан өкүл болгон Кењештин беш
мүчөсү сунуш кылынган Кењештин мүчөлүгүнө алты талапкерди ушул Жобого
ылайык бекитет.
22. Кењештин мүчөлөрүнүн - жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ыйгарым
укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин алтымыш календарлык күн калганда
Кењеш ушул Жободо белгиленген Кењешке жарандык коомдун жањы өкүлдөрүн
бекитүү жол-жобосуна демилге кылат.
VI. Кењештин ишин уюштуруу
23. Кењешке жөнөкөй көпчүлүк добуш менен жашыруун добуш берүү ар-
кылуу Кењештин мүчөлөрүнүн ичинен эки жылга шайланган төрага башчылык
кылат. Комиссар Кењештин төрагасы болуп шайлана албайт.
24. Кењештин жыйналышы үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп ту-
рат. Кењештин кезексиз жыйналышы Кењештин төрагасынын же Комиссардын же
Кењештин алты мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
25. Кењештин жыйналышынын күн тартиби учурдагы жылга иш планына
ылайык түзүлөт. Зарыл болгон учурда Кењештин каалаган үч мүчөсү күн
тартибине кошумча маселелерди сунуш кыла алат.
26. Жыйналыштын материалдары, күн тартиби, жыйналыштын датасы
Кењештин мүчөлөрүнө жыйналыш башталганга чейин он календарлык күндөн
кечиктирбестен жиберилет. Жыйналыштын күн тартибинин маселеси боюнча
материалдар өз убагында жиберилбей калган учурда Кењештин мүчөлөрүнүн
биринин арызы боюнча ал маселелер Кењештин жыйналышынын кароосунан алып
салынууга тийиш.
27. Кењештин жыйналышынын кворуму Кењештин жети же андан ашык
мүчөсүнөн турат, алардын бири Кењештин төрагасы болууга тийиш.
28. Кењештин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүү өткөрүүдө толук
курам чакырылууга тийиш.
29. Кењештин төрагасы Кењештин ишине жетекчилик кылат жана жыйна-
лышын алып барат. Кењештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетин
Кењештин мүчөлөрү шайлаган Кењештин мүчөсү төраганын милдетин убактылуу
аткарат.
30. Кењештин чечими жыйналышка катышкан Кењештин мүчөлөрүнүн жалпы
санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ чыгып калган
учурда төрага жактап добуш берген чечим кабыл алынат.
31. Кењештин чечими протокол түрүндө жазылат, ага Кењештин төрага-
сы кол коет.
32. Кењештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын үчүнчү жактарга бере
албайт.
33. Кењеш каралып жаткан маселе боюнча консультация алуу үчүн өз
жыйналышына көзкарандысыз эксперттерди чакырууга укуктуу.
VII. Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын
алуу боюнча Улуттук агенттик менен өзара мамиле
34. Агенттик жылына эки жолу Кењештин алдында отчет берет.
35. Кењештин ишин уюштуруу-методикалык жана техникалык жактан кам-
сыз кылууну Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улут-
тук агенттиги камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы № 476 Жарлыгы менен…Положение · 21.10.2005 · № 476
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңешинин мүчөлөрүнүн курамынын өзгөртүү…Распоряжение · 30.01.2007 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы ПБ № 32 буйругуРаспоряжение · 23.01.2006 · № 32