# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 268
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10136/edition/1285012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435127

---

КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 24-октябры ПЖ № 268 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.";

- 7-пункт "каралган булактардын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринин каражаттарынын (бюджеттин алдындагы бардык милдеттенмелерди кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:

"22-1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
