Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 268 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 „Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 5 сентября 2025 года № 252 "Об утверждении Порядка формирования и использования Стабилизационного фонда Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-05.
КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 24-октябры ПЖ № 268 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.";
- 7-пункт "каралган булактардын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринин каражаттарынын (бюджеттин алдындагы бардык милдеттенмелерди кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” ЖарлыгыУказ · 05.09.2025 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгы менен бекитилди)Порядок · 04.03.2022 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” ЖарлыгыУказ · 05.09.2025 · № 252
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 04.03.2022 · № 70 · Күчүн жоготкон