# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ №240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ №240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/435123/edition/1282564/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ №240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" жарлыгы (08.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435123

---

КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 353 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 25-сентябры ПЖ №240 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө Транспорт каражаттарын каттоо маселелерин тартипке келтирүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ээлеген кызмат орундарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин карамагына берилген функцияларды жүзөгө ашыруучу иштеп жаткан кызматкерлери Мамлекеттик агенттикке квалификациялык талаптарга ылайык кайра дайындалууга тийиш;

- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналына эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттары боюнча жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик агенттик төмөнкүдөй чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат деп аныкталсын:

- транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, ошондой эле айдоочулук курамды каттоо жана кайра каттоо;

- квалификациялык сынактарды өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү;

- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин жасоо;

- автотранспорт каражаттарына цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин, ошондой эле энчилүү номердик белгилерин сатуу;

- Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү;

- транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону, башкаруу схемасын жана штаттык санын бекитсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик агенттикти жайгаштыруу боюнча белгиленген тартипте зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;".

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун экинчи, үчүнчү, сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
