# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы ПЖ № 235 "2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы ПЖ № 235 "2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/435116/edition/1276124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы ПЖ № 235 "2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" Жарлыгы (13.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435116

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 13-сентябры ПЖ № 235 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти отуз .миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

1) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2023-жылдын 1-октябрынан тартып отуз миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө, бирок 500 (беш жүз) сомдон кем эмес өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине индексацияласын:

2) пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын;

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 74 (3523) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
