# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/435107/edition/1273030/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435107

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 10-июлу ПЖ № 172 Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;

3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү иштерди кеңири чагылдырсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 14-июлундагы № 56 саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
