Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 172 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 17 июля 2026 года № 261 "О введении моратория на промысловое рыболовство в озерах Иссык-Куль и Сон-Куль"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-07-17.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 10-июлу ПЖ № 172 Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:
1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;
2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;
3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүүчү иштерди кеңири чагылдырсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 14-июлундагы № 56 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябры № 594 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты…Постановление · 15.11.2023 · № 594
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.07.2026 · № 261
- Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизилдиУказ · 11.07.2023
Шилтеме берет (3)
- Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндөЗакон · 17.03.2021 · № 35
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.07.2026 · № 261