# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 11-августундагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 11-августундагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/435097/edition/1272315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 11-августундагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435097

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 11-августу ПЖ № 188

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

- он төртүнчү абзацта:

"Кызарт" деген сөз "Куйручук-Кызарт" деген сөздөргө алмаштырылсын; "(Кырчын айылынан башкасы)" деген сөздөр алып салынсын;

- он сегизинчи абзацта "Куйручук айыл аймагынын Кырчын айылын кошуп," деген сөздөр алып салынсын;

- жыйырма биринчи абзацта "Кош-Дөбө" деген сөздөр "Ормон-Хан" деген сөздөргө алмаштырылсын, "Кочкор айыл аймагын" деген сөздөр "Ормон-Хан айыл аймагын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
