# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10130/edition/1270845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" Жарлыгы (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435093

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 6-июлу ПЖ № 170 Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 10-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 1 чечимине ылайык токтом кылам:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын жана алардын аткарылышын камсыз кылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 165 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
