# О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики "О неотложных мерах по введению стопроцентной государственной монополии на производство, хранение и реализацию этилового спирта

- Толук аталышы: Указ Президента Кыргызской Республики от 29 мая 2023 года УП № 139 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики "О неотложных мерах по введению стопроцентной государственной монополии на производство, хранение и реализацию этилового спирта" от 8 июля 2022 года № 222"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10123/edition/1262129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики "О неотложных мерах по введению стопроцентной государственной монополии на производство, хранение и реализацию этилового спирта (29.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435080

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 29-майы ПЖ № 139 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасын модернизациялоо жана өндүрүштүк кубаттуулугун көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы этил спиртин, алкоголдук, фармацевттик жана парфюмериялык-косметикалык продукцияларды өндүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга байланышкан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды рынокко мониторинг жүргүзүү жана берүүчүлөр менен сатып алуу суммасына чектөө коюлбастан кийин түздөн-түз келишимдерди түзүү жолу менен сатып алууну жүзөгө ашырат деп белгиленсин.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.У.Жапаров
