# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435054>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10107/edition/1264517/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435054.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435054

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 10-июлу ПЖ № 173 Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226, 2026-жылдын 13-февралындагы №43 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кадрлар резервин түзүү жана иштетүү системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык токтом кылам:

1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы №85 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 22-пункттун үчүнчү абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 14-июлу № 56 (3505) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
