Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 160 Жарлыгына ылайык)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 10 апреля 2025 года № 124 "О внесении изменений в некоторые указы Президента Кыргызской Республики по вопросам деятельности Администрации Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-10.
КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 160 Жарлыгына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн (мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмаларынын алкагында тышкы саясат, эл аралык, региондук жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгелерин активдүү илгерилетүү максатында уюштурулат.
2. Атайын өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орун болуп эсептелет.
3. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4. Атайын өкүл өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет жана ага жооптуу.
2. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери жана
ыйгарым укуктары
6. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Президентине өзгөчө тапшырмалардын алкагында тышкы саясат маселелери боюнча демилгелерди ишке ашырууда белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине өзгөчө тапшырмалардын алкагында эл аралык, региондук жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өз ара аракеттенүү менен көмөк көрсөтүү.
7. Атайын өкүлдүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктары бар:
- ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген милдеттерге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык белгиленген тартипте, өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өлкөнүн чегинде жана чет өлкөдө эл аралык эксперттер менен сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды уюштурат жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмасы боюнча анын атынан эл аралык конференцияларга жана жолугушууларга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өз ара аракеттенүү менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жаатында ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президентине берет;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өз ара аракеттенүү менен дүйнөлүк өнүгүү процесстерине мониторинг жүргүзүүнү, талдоону жана болжолдоону, эл аралык, региондук жана улуттук коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарын баалоону, алардын алдын алууга жана нейтралдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өз ара аракеттенүү менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте тышкы саясий курсту түзүү жана жүргүзүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өз ара аракеттенүү менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте тышкы саясат жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине берет.
3. Атайын өкүлдүн негизги укуктары
8. Атайын өкүл өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан жана анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү катары белгиленген тартипте чыгууга;
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана кызмат адамдарынын катышуусу менен кеңешмелерди өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык базаларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
- байланыштын жана коммуникациянын мамлекеттик системаларын пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер жана алардын кызмат адамдары менен белгиленген тартипте кызматтык кат алышууларды жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынан, аткаруу бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын кызмат адамдарынан бардык маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды, анын ичинде өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жашыруун материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
4. Атайын өкүлдүн ишин уюштуруу жана камсыздоо
9. Атайын өкүлдү кызматтык жай, кызматтык транспорт, зарыл болгон уюштуруу техникасы жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу, анын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Атайын өкүлдүн ишин атайын өкүлдүн катчылыгы камсыз кылат. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Атайын өкүлдүн өзүнүн өздүк бланкы болот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Указ · 10.04.2025 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ N 160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.05.2022 · № 160 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.