# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-майыындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-майыындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10101/edition/1251691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-майыындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы (15.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435044

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 15-майы ПЖ № 123 Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Монголиянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. Улан-Батор шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилиги уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
