Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 496 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палатаны түзүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 сентября 2013 года УП № 193 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-09-25.
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 26-октябры ПЖ № 496
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча
коомдук палатаны түзүү жөнүндө
Экономиканын тармактарын жана региондорду туруктуу өнүктүрүү үчүн
жагымдуу шарттарды түзүүдө мамлекеттик башкаруу органдары менен эконо-
микалык иштин субъекттеринин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жигер-
дештирүү, атаандаштыкка кудуреттүү продукцияны өндүрүү үчүн атамекендик
товар өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында, ошондой
эле ишкерлердин атамекендик бирикмелеринин сунуштарын эске алып, токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жана
ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жана
ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата жөнүндө жобо (1-тиркеме) жа-
на анын персоналдык курамы (2-тиркеме) бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аталган Коомдук пала-
танын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Ишкерликти
өнүктүрүү боюнча кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 25-ноябрындагы № 339 Указы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Ишкерликти
өнүктүрүү боюнча кењештин курамын өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Президентинин 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 124 Жарлыгы;
- "КОРду турмушка ашыруу боюнча Улуттук кењештин алдындагы Эконо-
миканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палатаны түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-декабрындагы № 269
буйругу.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат
бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 26-октябрындагы N 496
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча
коомдук палата жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Коомдук палатанын максаттары жана милдеттери
III. Коомдук палатанын функциялары
IV. Коомдук палатанын укуктары
V. Коомдук палатанын ишин уюштуруу
VI. Коомдук палатанын ишин токтотуу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жана
ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата (мындан ары - Коомдук пала-
та) экономиканы өнүктүрүү жана ишкерликти колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик
саясатты турмушка ашырууда мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун
коомдук структураларынын аракеттерин координациялоо максатында түзүлгөн
консультациялык орган болуп саналат.
2. Коомдук палатанын иши:
- экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү проблемаларын жамааттык,
эркин жана маалымдуу талкуулоонун;
- республикалык, региондук жана тармактык деңгээлдерде кабыл алы-
нуучу чечимдерди турмушка ашыруунун мониторингинин негизинде жүзөгө
ашырылат.
3. Коомдук палата өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын
жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана
буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйрук-
тарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана
ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Коомдук палатанын персоналдык жана сандык курамы республиканын
ишкерлик субъекттеринин (коомдук бирикмелеринин) жана мамлекеттик баш-
каруу органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт жана Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан бекитилет.
II. Коомдук палатанын максаттары
жана милдеттери
5. Коомдук палатанын максаты региондордун жана эл чарба тармакта-
рынын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды иштеп чыгууда жана
турмушка ашырууда мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгү жана по-
тенциалдарын мобилизациялоо аркылуу калктын турмуш деңгээлин жогорула-
туу болуп саналат.
6. Коомдук палатанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- экономиканы өнүктүрүү жана ишкерликти колдоо чөйрөсүндө мамле-
кеттик саясатты турмушка ашырууда жеке сектордун потенциалын өнөктөштүк
негизде тартуу жана мобилизациялоо;
- экономика чөйрөсүндө акниеттүү башкаруу механизмдерин түзүү жана
өркүндөтүү;
- ишкерлик чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан жөнгө салуу саясатынын на-
тыйжалуулугун аныктоо;
- ишкерликти, анын ичинде региондордогу (чакан шаарлардагы) ишкер-
ликти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- артыкчылыктуу тармактарда атаандаштыкка кудуреттүү продукцияны
өндүрүү үчүн улуттук товар өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыл-
ган шарттарды аныктоо жана түзүү;
- экономика жана ишкерлик жагынан чечимдерди аткаруунун көзкаран-
дысыз мониторинги;
- региондордун экономикалык потенциалын жана өнүктүрүүнүн артыкчы-
лыктуу багыттарын аныктоо максатында аларга комплекстүү баа берүү меха-
низмдерин аныктоо;
- социалдык багыты бар экономикалык кайра түзүүлөрдүн туруктуулу-
гунун шарты катары социалдык өнөктөштүктү калыптандыруу жана андан ары
өркүндөтүү.
III. Коомдук палатанын функциялары
7. Негизги милдеттерге ылайык Коомдук палатага төмөнкүдөй функция-
лар жүктөлөт:
- экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик
жөнгө салуу саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- ишкерликти стимулдаштырууга жана өнүктүрүүгө багытталган ченем-
дик укуктук актылардын долбоорлорун карап чыгуу, талкуулоо жана макул-
дашуу, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кайчы байланыштарды түзүүнүн жана жеке секторду социалдык моби-
лизациялоонун, республиканын областтарында жана райондорунда Коомдук
палатанын структураларын түзүүнүн негизинде экономика чөйрөсүндө башка-
рууну ылайыкташтыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына ылайык региондордо
(чакан шаарларда) жана тармактарда өзүн-өзү иш менен камсыз кылуунун
жана ишкерликтин абалын талдоо жана аларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды
иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жөнгө салуу саясатында, калктын жана ишкерлердин иш-
кер жигердүүлүгүн колдоодо жана стимулдаштырууда чет өлкөлүк тажрыйбаны
үйрөнүү;
- социалдык өнөктөр менен башкы макулдашууларды түзүү учурунда
экономиканы артыкчылыктуу өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана
ушунун негизинде калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды
камсыз кылуу;
- экономикалык жана ишкерлик саясатты турмушка ашыруунун натыйжа-
ларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо.
IV. Коомдук палатанын укуктары
8. Жүктөлгөн милдеттерди турмушка ашыруу жана өз функцияларын ат-
каруу үчүн Коомдук палата:
- ченемдик укуктук актыларды жана ушундай актылардын тиешелүү мам-
лекеттик органдардын жыйналыштарында каралуучу долбоорлорун иштеп чыгат
жана аларга киргизет;
- зарыл маалыматтык, аналитикалык, маалымат-статистикалык матери-
алдарды мамлекеттик бийлик органдарынан белгиленген тартипте суратат;
- өзүнүн ишине катышуу үчүн мамлекеттик органдардын жана ишкерлик
субъекттеринин өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартат;
- Коомдук палата өзүнүн компетенциясына ылайык карай турган масе-
лелер боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка мам-
лекеттик бийлик жана башкаруу органдарына киргизет;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинде ачыктыкты, айкындыкты
жана акиниеттүүлүктү камсыз кылуу максатында алардын ишинде жарандык
коомдун потенциалын пайдалануунун мүмкүн болгон жолдорун сунуш кылат;
- каралып жаткан маселелер боюнча чечим кабыл алат, алар протокол
менен таризделет;
- кабыл алынган чечимдерди турмушка ашыруунун мониторингин жүзөгө
ашырат;
- экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү чөйрөсүндө өзгөчө сиңирген
эмгеги үчүн ишкерлерди жана мамлекеттик кызматчыларды кубаттоо жөнүндө
сунуштарды киргизет.
V. Коомдук палатанын ишин уюштуруу
9. Коомдук палатанын республикалык деңгээлдеши жыйналыштарын анын
төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президенти өткөрөт. Коомдук палатанын
жумушчу жыйналыштарын жана пландуу ишин Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмү жана палатанын
катчылыгынын жетекчиси уюштурат жана координациялайт, алар өз ишин ко-
омдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
10. Коомдук палатанын республикалык деңгээлдеги жыйналыштары за-
рылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу өткөрүлөт. Коомдук пала-
танын жыйналыштарынын күн тартиби күн мурунтан, эреже катары анын
мүчөлөрүнүн сунушу боюнча, жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 2 жумадан
кечиктирбестен түзүлөт.
11. Коомдук палатанын жыйналыштары экономиканы өнүктүрүү
чөйрөсүндө эркин жана иштиктүү пикир алышууну, ылайыктуу рекомендация-
ларды жана сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кыла турган кырдаалда
өткөрүлөт.
12. Коомдук палата өзүнүн компетенциясынын чектеринде кабыл алган
чечимдер протокол менен таризделет, ага төрагалык кылуучу кол коет жана
андан аркы иштеп чыгуу үчүн тиешелүү Кыргыз Республикасынын министрлик-
терине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жа-
на жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, жарандык коом институт-
тарына жөнөтүлөт.
13. Коомдук палатанын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын
кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасы-
нын Премьер-министринин, Өкмөтүнүн, министрликтеринин, мамлекеттик ко-
митеттеринин, администрациялык всдомстволорунун жана Өкмөттүн структу-
расына кирген башка аткаруу органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өзал-
дынча башкаруу органдарынын актыларын чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылышы
мүмкүн.
14. Коомдук палатанын жана анын жумушчу органынын ишин финансылоо
эларалык уюмдардан тартылуучу гранттык каражаттардын, жеке каражаттар-
дын жана мамлекет ишкерликти өнүктүрүүгө жана колдоого караган каражат-
тардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
15. Коомдук палатанын документтери Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин Администрациясынын документтери менен иштөө регламентинин та-
лаптарына ылайык толтурулат жана сакталат.
VI. Коомдук палатанын ишин токтотуу
16. Коомдук палатанын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын колдо-
нуп жаткан мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
№ 2 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 26-октябрындагы № 496
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
экономиканы өнүктүрүү жана ишкердүүлүк боюнча
Коомдук палатанын
КУРАМЫ
Бакиев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президенти, Коомдук
Салиевич палатанын төрагасы;
Салымбеков Аскар - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де-
Мааткабылович путаты, Коомдук палатанын төрагасынын орун-
басары;
Каниметов Кубат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Абдулдаевич нистрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнүн
башчысы, Коомдук палатанын төрагасынын орун-
басары;
Бородавкин Владимир - Кыргызстандын иш берүүчүлөр Конфедерациясы-
Алексеевич нын биринчи вице-президенти, төраганын орун-
басары - Коомдук палатанын катчылыгынын же-
текчиси;
Молдобаев Улан - Коомдук палатанын жооптуу катчысы.
Сабырбекович
Коомдук палатанын мүчөлөрү (макулдашуу боюнча)
Абдурасилов Ином - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де-
Эргешович путаты, "Аубакир" айылчарба кооперативинин
президенти;
Абдылдаев Турар - Талас областтык ишкерлер Ассоциациясынын
Абдылдаевич төрагасы;
Аблямитова Фарида - "Маматкадыр" ЖЧКнын президенти;
Сагитовна
Аильчиев Айман - "Лина" фирмасынын башкы директору;
Алиев Алмазбек - Ош шаарынын ишкерлер союзунун төрагасы,
Маматович "Фирма МПА" ЖЧКнын башкы директору;
Асанов Болот - Чүй областынын ишкерлер Ассоциациясынын
Абдышевич төрагасы, Кыргызстан ветеринарлар Ассоциаци-
ясынын төрагасы, "Ветинтерсервис" ЖЧКнын
башкы директору;
Бажанов Рахман - "Риха" ЖЧКнын башкы директору;
Салманович
Байбосов Таласбек - Нарын областынын ишкерлер Ассоциациясынын
Кабылович төрагасы, "Элнурдан" ЖЧКнын башкы директору;
Беков Төрөгул - Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк
Ниязович борборунун директору;
Болдубаев Юсуфали - Баткен областтык ишкерлер Ассоциациясынын
Алтымышевич төрагасы, "Кошбулак" ЖЧКнын башкы директору;
Вайнерман Павел - "ЭльВест-Плюс" соода-өнөржай компаниясы
Гарикович ЖЧКнын уюштуруучусу жана президенти;
Верховская Галина - "Таттуу" акционердик коомунун башкы директо-
Георгиевна ру;
Горшкова Ирина - "Навигатор" компаниялар тобунун башкы дирек-
Николаевна тору;
Жусупов Кењеш - "Акжолтой" акционердик коомунун башкы дирек-
Жусупович тору;
Захарченко Михаил - "Исида" медициналык борборуиун директору;
Александрович
Ибрагимов Мухамет - "Бакай" ФПГнын башкы директору;
Тургунович
Исабеков Азим - Кыргыз Республикасынын Президентинин кењеш-
Бейшенбаевич чиси;
Казаков Данияр - "С.А.Т." корпорациясынын директору
Болушевич
Катибов Расул - "Кыргызмебель" акционердик коомунун башкы
Катибович директору;
Кемпл Ирина - Салык консультанттар палатасынын төрагасы;
Витальевна
Комиссаров Владимир - "Тянь-Шань" Эларалык альпинисттик борборунун
Анатольевич директору;
Конев Алексей - "Народный" дүкөндөр тармагынын башкы дирек-
тору;
Ким Эльза - "Союз текстиль" жењил жана текстиль өнөржай
Петровна ишкерлер Ассоциациясынын президенти;
Кузнецов Ярослав - "Астра КХМЗ" ЖЧКнын башкы директору (Орлов-
Евгеньевич ка);
Мырзаканов Мирлан - "Универсал-Сервис" ЖЧКнын башкы директору;
Нуржанович
Осмонов Калил - "Жетиген" акционердик коомунун директору,
Көкжањгак шаары, Жалалабат областы;
Осмоналиев Айбек - "Доскредобанк" АКБнын башкаруучусу;
Шермамбетович
Орел Борис - "Ветка" айылчарба кооперативинин жетекчиси,
Абрамович Аламүдүн району;
Попович Сергей - "Дастан" ПСКнын филиалынын башкы директору;
Викторович
Румянцева Маргарита - Кыргызстан ишканаларынын директорлор Гильди-
Николаевна ясынын төрагасы, "Бишкексүт" акционердик ко-
омунун президенти;
Рыскулова Бурулсун - "Түштүк Каракол" акционердик коомунун башкы
Сатаровна директору, Ысыккөл областы;
Тазабеков Марат - "АКИ-Пресс" журналынын башкы редактору;
Тентиев Аман - "Делойт" Эларалык аудитордук компаниясынын
башкаруучу директору;
Токтогазиев Жумабек - "Шатен" курулуш фирмасынын президенти;
Тохтаев Талгат Нур - "Керемет-Азия" ЖЧКнын президенти;
Мухамедович
Турсунбеков Чыныбай - Ишкерлердин Бишкек федерациясынын төрагасы,
Акунович "Акун" жабык акционердик коомунун башкы ди-
ректору;
Үмөталиев Эмиль - "Кыргыз Концепт" туристтик компаниясынын
Сатарович президенти;
Шерешкова Любовь - "Конфиденс" юридикалык агентствосунун башкы
Геннадьевна директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Документ № 61695Указ · 25.09.2013 · № 193
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.09.2013 · № 193
- Указ Президента КР от 25 ноября 2002 года №339 "О Совете по развитию предпринимательства при Президенте Кыргызской Республики"Указ · 25.11.2002 · № 339 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 9 декабря 2004 года РП № 269 (Об утверждении Положения об Общественной палате по развитию экономики и предпринимательства при Национальном совете по…Распоряжение · 09.12.2004 · № 269 · Күчүн жоготкон
- Положение об Общественной палате по развитию экономики и предпринимательства при Национальном совете по реализации КОР КР до 2010 года (Распоряжение Президента КР от 9 декабря…Положение · 09.12.2004 · № 269 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 апреля 2004 года УП № 124 "Об изменении состава Совета по развитию предпринимательства при Президенте Кыргызской Республики"Указ · 06.04.2004 · № 124 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.09.2013 · № 193
- Указ Президента КР от 25 ноября 2002 года №339 "О Совете по развитию предпринимательства при Президенте Кыргызской Республики"Указ · 25.11.2002 · № 339 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 апреля 2004 года УП № 124 "Об изменении состава Совета по развитию предпринимательства при Президенте Кыргызской Республики"Указ · 06.04.2004 · № 124 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 9 декабря 2004 года РП № 269 (Об утверждении Положения об Общественной палате по развитию экономики и предпринимательства при Национальном совете по…Распоряжение · 09.12.2004 · № 269 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.